Украиналык олигархтар чартердик каттамдар менен массалык түрдө өлкөдөн чыгып кетишүүдө

Украиналык бизнесмендер жана олигархтар чартердик каттамдар жана жеке учактар менен өлкөдөн кете башташты.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, 13-февралда эле Украинадан 20га жакын каттам жасалган.

«Украинская правда» жазган маалыматта өлкөдөн чыгып кеткендердин арасында оппозициялык платформа – “Өмүр үчүн” партиясынын депутаты, миллионер Игорь Абрамович дагы бар экени, ал 50 кишилик учакты жалдап чыгып кеткени айтылат. Бул учакта партия мүчөлөрүнүн жакындары, ошондой эле Абрамовичтин бизнес өнөктөштөрү дагы бар жана учак Киевден Венага учуп кеткен.

Басылманын маалыматына ылайык, өлкөдөн бери дегенде сегиз ишкер чыгып кеткен жана алардын арасында Жогорку Раданын депутаттары да бар.

Комментарий жиберүү