Украина армиясы күн сайын канча жоокерин жоготууда?

Украинанын куралдуу күчтөрү (УКК) күн сайын канча жоокери каза болуп жана жаракат алып жаткандыгы боюнча маалыматты ачыкка чыгарды.

Бул тууралуу  РИА Новости жазды.

Өлкөнүн коргоо министри Алексей Резниковдун айтуусунда, күн сайын УККнын 100 жоокери каза болуп, 500ү жарадар болууда.

Ошондой эле министр кырдаал оор экендигин белгиледи.

Мындан мурда УККнын Донбасстагы абалы катастрофалык экендигин америкалык чалгын кызматы да моюнга алган: украиналык армия чоң жоготууга учуроодо, жоокерлер көпчүлүк учурда позициясын таштап же туткунга түшүп берип жатышат. АКШ россиялык армиянын артиллериясы  жана оор сокку уруучу  реактивдүү системасы жыйырма эсе артыкчылыкка ээ экендигин билдиришүүдө. Кырдаал ошондой эле УККнын жоокерлеринин Донбасстагы ок-дарылары түгөнүп жаткандыгы менен да татаалдашып бараткандыгы белгиленген.

Украина армиясы бир эле Донбасста эмес, Николаев облусунда да жеңилип жатат. Бул кырдаалды Жогорку Раданын депутаты Роман Костенко да тастыктады. Анын сөзүнө караганда, УККга чоң жоготуу алыска атуучу артиллерия тарабынан жасалууда.

Биок Россия тарап Украинага жасаган аскердик операциясынан канча жоокеринен ажырап, канча техникасы талкалангандыгын, өлкө экономикасынан канча каражат жумшалгандыгы тууралуу расмий маалымат бербей келет.

Комментарий жиберүү