Украина Орусия менен ок атууну токтотуу боюнча келишим түзүүнү четке какты

Украинанын президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк Киев Москва менен ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарарын билдирди.

Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Анын айтымында, Украинанын Орусия менен аймактарды бөлүштүрүүнү караган келишимдерди ишке ашыруу планы жок. Бул украин тарап үчүн жагымсыз кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Подоляк Украинанын позициясы барган сайын ымырасыз болуп бара жатканын баса белгилеп,  «Орусиянын күчтөрү өлкөдөн чыгып кетиши керек, андан кийин тынчтык жараянын калыбына келтирүүгө болот», – деди.

Ошондой эле, ал Батыш мамлекеттеринин ок атышууну тез арада токтотуу чакырыктарын “өтө кызыктай” деп атады. Анын пикиринде, мындай учурда орус аскерлери Украинанын аймагынан чыкпайт.

Белгилей кетсек, апрель айынын аягында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Украинада ок атышпоо үчүн шарттарды түзүү зарыл экенин айткан.

«Биз эффективдүү диалогдун жолдорун табууга, ок атышууну тез арада токтотуу үчүн шарттарды түзүүгө, тынчтык жолу менен чечүү үчүн шарттарды түзүүгө абдан кызыкдарбыз», – деп билдирген Башкы катчы.

Комментарий жиберүү