Украина-Россия келишимге карай…

29-мартта Стамбулда Түркиянын ортомчулугу астында орус-украин делегациясынын сүйлөшүүсү болуп өттү.

Анын жыйынтыгы боюнча, эки мамлекеттин кандай келишимге баратканын, кайсы тарап бул согушта эмнеге жетишкенин аңдап көрүүгө болот.

Адегенде бул согушта Россиянын жеткишкендигине көңүл бурсак:

Биринчиден, Россия Украинанын НАТОго мүчө болбошуна, нейтралдуу мамлекет болушуна, ядролук куралга умтулбашына жетишүү алдында турат. Украина буга макул.

Экинчиден, ДНР жана ЛНР мурдагы облусттук аймактарын толук ээлеп, келечекте Крым сыяктуу Россиянын курамына кирүү жолунда калат.

Украинанын жетишкендиги- украин мамлекети бул согушта абдан кагылып-согулуп, өзүнүн эгемендүүлүгүн, ар-намысын бекем сактап калды. Европа Биримдигине кошулуу мүмкүнчүлүгү сакталды. Өзүнүн негизги жерлерин сактап калды (ДНР, ЛНР иш жүзүндө 2014-жылы эле кеткен эле). Россиянын Новороссия долбоорун таш каптырды. Келечекте дагы агрессиянын курмандыгы болуп калбаш үчүн гарант мамлекеттердин тобун түзүү алдында турат.

Согуштан кийин Европа жана АКШнын абдан катуу колдоосун алып, өнүгүү жолуна түшүүсү күтүлөт.

Эми эки өлкөнүн жоготууларына токтолсок:

Россия репутациясын абдан эле бузуп, мокочо болуп алды. Санкциялар торунда калды. Илим-билим, технологиянын көч башы болгон батыш менен мамилеси талкаланды. Өнүгүү ыргагы бузулду. Украинаны өзүнүн орбитасына алуу, ал болбосо Новороссия долбоору аркылуу Запорожье, Днепр, Николаев ж.б. Днепр дарыясынын сол жээгиндеги өнөр жайы өнүккөн, кара топурактуу жерлерди көзөмөлүнө алуу максатына жетпеди.

Украинанын жоготуусу да эбегейсиз. Аскердик инфраструктурасы талкаланды. Абдан көп жоготууларга учурады. НАТОго мүчө болуу мүмкүнчүлүгүн жоготууда.

Азырынча ушундай…

Aidanbek Akmatov.

(Материал автордун ФБдагы барагынан алынды).

Комментарий жиберүү