Улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат. АКШда чиновниктерге TikTok колдонууга тыюу салынды

АКШда мамлекеттик кызматкерлерге TikTok социалдык тармагын колдонууга тыюу салынат. Мындай жобо АКШнын 2023-жылга карата бюджетинин долбоорунда камтылган. 

Документ бүгүн, 20-декабрда коомчулукка жарыяланды. Анда мамлекеттик кызматкерлердин TikTok тиркемесин колдонуусуна тыюу салуу жобосу камтылган. Бул чаралар АКШнын федералдык мекемелеринин кызматкерлерине гана тиешелүү жана социалдык тармакты колдонгон 100 миллионго жакын америкалыктарга таасирин тийгизбейт.

АКШнын атайын кызматтары TikTok улуттук коопсуздукка коркунуч жаратарын бир нече жолу билдирген.

Reuters агенттиги белгилегендей, буга чейин эле АКШнын көптөгөн федералдык органдары, анын ичинде Ак үй, Пентагон, Улуттук коопсуздук департаменти жана Мамлекеттик департаменти TikTokту өкмөткө таандык түзмөктөрдө колдонууга тыюу салышкан.

Ошондой эле бул тиркеме Жоржия, Техас, Алабама, Түндүк жана Түштүк Дакота штаттарындагы мамлекеттик кызматкерлерге кыска видеолорду тартуу жана көрүү үчүн колдонууга тыюу салынган.

Буга чейин 16-декабрда АКШнын Борбордук чалгындоо башкармасынын директору Уильям Бернс кытайлык тиркеменин АКШдагы популярдуулугу Вашингтонду тынчсыздандырып жатканын PBS телеканалына берген маегинде айткан. Ал TikTok АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирерин айтып, тиркеме “өкмөттүн чындап тынчсыздануусуна себеп” экенин баса белгилеген.

TikTok – кыска видеолорду тартуу жана көрүү кызматы. Ал Пекиндеги «ByteDance» компаниясына таандык. Тиркеменин эл аралык версиясы 2018-жылы ишке киргизилген.

Тиркеме Кытайда кыска видеолор үчүн алдыңкы видео платформа болуп саналат. Ал тез арада дүйнө жүзү боюнча таанылып, эң тез өнүгүп жаткан жана эң көп жүктөлгөн тиркемелердин бири болуп калды.

2020-жылы АКШ платформа улуттук коопсуздукка коркунуч жаратарын жарыялады.

2022-жылдын июнь айында АКШнын Федералдык байланыш комиссиясынын (FCC) өкүлү Бернард Карр Apple жана Google компанияларын TikTok тиркемесин App Store жана Google Play’ден өчүрүп салууга чакырган.

Чиновник TikTok колдонуучулардын маалыматтарын жашыруун чогултуп, Кытайдагы ByteDance башкы компаниясына жөнөтүп жатканын айткан.

Комментарий жиберүү