Улуу Британиянын “жаңы” түрүндөгү коронавирусу 70тен ашуун өлкөгө тарады

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Британиянын жаңы штаммдагы коронавирусу 70тен ашуун өлкөгө жайылгандыгын жарыялады.

Iran Press маалымат агенттиги билдиргендей, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму “Британиянын коронавирусу” деп аталган мутацияланган вирустун түрү 71 өлкөгө жайылганын жарыялады.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Түштүк Африка Республикасында 31 кишиде бул вирус табылган. Германиянын Гамбург шаарынын саламаттыкты сактоо кызматкерлери “Британиянын коронавирусу” деп аталган мутацияланган вирустун жети учурун табышканын, анын ичинде Улуу Британиядан кайтып келген беш жүргүнчү жана эки Airbus кызматкери бар экендигин билдиришти.
Белгилей кетсек, Улуу Британияда коронавирусту 3,715 миллиондон ашык адам жуктуруп, андан 101 миңден ашуун адам көз жумган.
Адистер Британияда, ошондой эле кээ бир Европа өлкөлөрүндө оорулардын санынын көбөйүшүн “Британ коронавирусу” деп аталган мутацияланган вирустун чыгышына байланыштырышат.
 Коронавирустун башка модификацияланган түрлөрү Түштүк Африка Республикасында, Бразилияда жана Калифорнияда аныкталган, бирок азырынча британиялык коронавирус башка коронавирустарга караганда көбүрөөк жугуштуу экени аныкталды.
Эске салсак, буга чейин Иранда Британиянын коронавирусун 7 адам жуктурган.

Комментарий жиберүү