Улуу Британияны рекорддук ысыктан улам кургакчылык каптады

Улуу Британиянын сегиз районунда кургакчылык жарыяланды. Өлкөнүн Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги кургакчылык дээрлик бүт өлкөгө жайылганын билдирди.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Британиянын кургакчылык боюнча улуттук тобу 12-августтагы атайын жыйынан кийин, Англиянын батыш, түштүк, борбордук жана чыгыш бөлүгү кургакчыл деп жарыяланды.

Метеобюронун маалыматына караганда, Британияда 1935-жылдан берки июль айындагыдай кургакчылык боло элек болчу.

Кургакчылык боюнча улуттук топ абанын температурасынын жогору көтөрлүшү жапайы жаныбарларга жана суу менен камсыз кылуу тармагына да терс таасирин тийгизген.

Маалыматта кургакчылыкка байланыштуу Британиянын суу менен камсыздоо ишканалары кургакчылыкка байланыштуу суунун запасын сактоо үчүн катуу чараларды жарыялай башташы мүмкүн экени айтылат.

Эске салсак, Британияда аномалдуу ысыктан улам тарыхта биринчи жолу Темза дарыясынын булактары соолуп калган.

Евробиримдиктин биргелешкен изилдөө институту акыркы бир нече жүз жылдагы эң коркунучтуу суунун жетишсиздигин болжолдоодо. Европадагы бул кургакчылык акыркы 500 жылдын ичиндеги эң жаманы болушу мүмкүн.

Комментарий жиберүү