Февраль айынан бери Украинадан 10 миллиондон ашык адам чыгып кетти

Россия Украинада аскердик операция баштагандан бери өлкөдөн чыгып кеткен жарандардын саны 10 миллиондон ашты.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы маалымдады.

Акыркы маалыматка караганда, украиналык качкындардын саны 10 млн. 638 миң 132 адамды түздү.

БУУнун агенттигинин маалыматы боюнча, Польшага 5,2 миллиондон, Россияга 1,9 миллиондон ашуун, Венгрияга 1,1 миллион, Румынияга 999 миңдей, Словакияга 668 миң, Молдовага 565 миң, жана Белоруссияга 16 миң 685 адам кеткен.

Буга чейин агенттиктин жогорку комиссары Филиппо Гранди Украинадан качкандардын саны “Европадагы экинчи дүйнөлүк согуштан берки эн чон көрсөткүчкө жетикенин айтып, аны “качкындар кризиси” деп атаган.

Белгилей кетсек, Украинанын калкы (Крымсыз, бирок Донбасстын бүт аймагы менен) 2022-жылдын 1-январына карата 41 миллион 167,3 миң адамды түзгөн.

Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын “Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо” деп атаган.

Комментарий жиберүү