Филиппинде “Рай” тайфунунан каза болгондордун саны 208ге жетти

Филиппинде “Рай” тайфунунун кесепетинен курман болгондордун саны 208 адамга жетти.

Бул тууралуу “Интерфакс” жергиликтүү маалымат каражаттарына таянуу менен билдирди.

Эпицентри Себу жана Бохол аралдарында болгон кырсыктан кеминде 208 киши каза болгон. Арасында жаш балдар да бар жана дагы 52 адамдын дайыны билинбей жатат.

Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук агенттиги азырынча тайфундан келтирилген зыянды так эсептей албаганын билдирди.

Кырсык болгон жерде электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, инфраструктура бузулган.

Филиппиндин өкмөтү 19-декабрда жапа чеккен аймактардагы элге суу, тамак-аш, чатыр жана башка жардамдарды жеткирүү үчүн 2 миллиард песо (болжол менен 40 миллион доллар) бөлөөрүн жарыялады.

Филиппин президентинин басма сөз катчысы Карло Ногралестин айтымына караганда, тайфун жакындаганга чейин 332 миңден ашуун жаран эвакуацияланган жана алардын 15 миңи эвакуация борборлоруна түшкөн.

Маалыматтарга караганда, 16-декабрда Тынч океандын Батышында пайда болгон тайфундун коркунучу кете элек. Ал Вьетнамдын Бинь Динь провинциясын көздөй жылып жатканы айтылууда.

Комментарий жиберүү