Францияда Хашегчинин өлүмүнө шектүүнүн кармалышына Эр-Рияддын жообу

Саудиялык маалымат каражаттары Саудиянын расмий өкүлүнө шилтеме жасап, Хашегчинин өлүмүнө шектүү киши Францияда кармалганын кабарлады.

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Саудиянын расмий өкүлү шейшемби күнү саудиялык оппозициячыл журналист Жамал Хашегжинин өлтүрүлүшүнө шектүүлөрдүн биринин камакка алынышы тууралуу француз маалымат каражаттарында жарыяланган кабардын чындыгын четке какты.

Саулиялык расмий өкүл: «Парижде Хашегжинин өлтүрүлүшүнө шектүүнүн кармалганы тууралуу маалымат каражаттарында чыккан туура эмес идентификация жасалганын айтуу керек»,-деди.
Сауд Арабиясынын расмий өкүлү андан ары Хашгежинин өлүмү боюнча соттолгондор Сауд Аравияда жазасын өтөп жатканын айтты.
Белгилей кетсек, Саудиялык сынчы журналист Жамал Хашгечинин өлүмүнө шектелген адам Франциянын аэропортунда кармалганын шейшемби күнү маалымат булактары билдирди.

Кармалган Саудиянын Королдук гвардиясынын мурдагы мүчөсү Шарль де Голль аэропортунан Сауд Арабияга кетүүнү пландап жаткан, деп билдирди France Radio RTL France.

Француз полициясынын булагы Reuters агенттигине аны Түркияга экстрадициялоо боюнча сот иштери жүрүп жатканын билдирди.
RTL радиосу кармалган адамдын аты “Халид Аль-Отайби” экенин жана 33 жаштагы Аль-Отайби АКШнын Каржы министрлигинин 2016-жылдын 15-октябрында Хашгечинин өлүмүнө катыштыгы үчүн аны санкциялык тизмеге киргизген 17 адамдын бири экенин тактады.
Эске салсак, Хашегчи 2018-жылдын 2-октябрында Сауд Арабиянын Түркиядагы консулдугунда мыкаачылык менен өлтүрүлүп, сөөгү консулдуктун имаратынан эксгумацияланган.

Террордук топ Сауд Аравиянын жогорку даражалуу өкүлдөрүнөн кабары жок кылдаттык менен Хашегчини өлтүргөн. Сауд Аравиянын ырастоолоруна карабастан, атүгүл АКШнын чалгындоо кызматынын отчеттору да Хашегчинин өлтүрүлүшү саудиялык жогорку даражалуу аткаминерлердин, өзгөчө Мухаммад бин Салмандын маалыматы менен жасалганын тастыктады.

Жамал Хашгечи 1958-жылы 13-октябрда туулган. Ал буга чейин “Аль-Ватан” гезитинин редактору, кийинчерээк “Аль-Араб” жаңылыктар тармагынын директору болгон. Хашегчи 2017-жылдын сентябрында Сауд Аравиясынан качып кеткен жана кийинчерээк Washington Post гезитине өз өлкөсүнүн айрым саясатын, өзгөчө Мохаммад бин Салмандын саясатын сындаган макалаларды жарыялаган. Ал Сауд Арабия баштаган коалициянын Йеменге аскерий кийлигишүүсүн ачык сындаган. Хашегчи өлтүрүлгөндөн дээрлик бир жыл өткөндөн кийин, 2019-жылдын 25-сентябрында Саудиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман PBS телеканалына берген маегинде саудиялык журналист жана Washington Post гезитинин баяндамачысын өлтүрүү үчүн жоопкерчиликти мойнуна алды.
АКШнын Улуттук чалгындоо агенттиги тараткан отчетто “Мухаммед бин Салман” Жамал Хашгечини “камоо” же “өлтүрүү” операциясына лицензия бергени айтылат.

“Биздин баа Сауд Аравиянын мураскор принцинин 2017-жылдан бери Сауд Арабия Королдугундагы чечимдерди көзөмөлдөп турганына негизделет”. “Саудиянын мураскор ханзаадасы Хашкчини Сауд Аравия Королдугуна түздөн-түз коркунуч катары көрүп, анын оозун жабуу үчүн зордук-зомбулук чараларын колдоду”, – деп айтылат АКШнын билдирүүсүндө.

Докладдын бир бөлүгүндө Мухаммад ибн Салмандын атынан Хашгечинин өлтүрүлүшүнө катышкан адамдардын аттары аталат. Ал кабарда Аль-Отайбинин аты да кездешет.

Комментарий жиберүү