Франциянын президентин бетке чапкан адам 18 айга камалды

Франциянын соту үч күн мурун президентке кол чапкан адамды 18 айга камады.

 Белгилей кетсек, Франциянын президенти Эммануэль Макронду бетке чапты деген айып менен сотко келген 28 жаштагы Дамьян Тарел сот тарабынан 18 айга (14 айга шарттуу түрдө) эркинен ажыратылды.

Дамьян Тарел сот тарабынан “мамлекеттик кызматкерге кол салган” деп айыпталды.
 Негизинен мыйзам боюнча үч жылга чейин эркинен ажыратуу жана 45000 евро өлчөмүндө ири айып пул менен жазаланат. Мындан тышкары эки жылдык шарттуу кесүү мөөнөтүндө иштеп, психология курстарынан өтүшү керек. Ошондой эле дагы беш жылга курал алып жүрүүгө жана мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салынган. Буга кошумча үч жыл бою башка жарандык укуктарга кайрылууга тыюу салынган.

Сотто жаш жигит өз күнөөсүн мойнуна алып, жасаганына өкүнбөй турганын айткан.
Ал эм Францияныны президенти Эммануэль Макрон бул окуяга өтө көп маани берүүдөн алыс болуп, күнөөкөргө башка дооматы жок экенин билдирген.

 Прокурорлордун айып пулдун ордуна 18 айга эркинен ажыратуу өтүнүчү менен, сот акыры жаш французду 18 айга  абакка кескен.

Эске салсак, Дамьян Тарел  8-июнда Франция президентинин түштүк-чыгыштагы Дром шаарына жасаган иш сапарында Макронду бетке чаап, “Макронизмге өлүм” деген ураан менен тосуп алган.

Комментарий жиберүү