ФСБ журналист Соловьёвди өлтүрүүгө аракет кылгандар кармалганын маалымдады

Орусиянын президенти Владимир Путин Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөп жатып, Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) “орусиялык белгилүү тележурналистти өлтүрүүгө аракет кылган террордук топтун ишине бөгөт койгонун” айтты. Президент журналисттин атын атаган жок.

“РИА Новости” ФСБга таянуу менен Бүткүл россиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын (ВГТРК) белгилүү алып баруучусу, Кремлдик позицияларды жактаган журналист Владимир Соловьёв жөнүндө сөз болуп жатканын жазды.

Басылма билдиргендей, кармалгандар неонацисттик террордук уюмдун мүчөлөрү болгон. Маалыматта Соловьёвду өлтүрүү буйругун Украинанын Коопсуздук кызматы бергени келтирилет. Бул мекеме орус тараптын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Путин кол салуунун артында чет элдик атайын кызматтар турарын билдирип, алар “Украинадагы Орусиянын аскердик операциясына байланыштуу орус коомчулугун бүлүндүрүү аракети жүрүп жатканын” билдирди.

Владимир Соловьёв Орусиянын бийлигинин пропагандасын жүргүзгөн журналисттердин бири болуп саналат. Орусиянын Украинага карата кол салуусунан кийин Батыш өлкөлөрү ага да санкция салышкан. (ErN)

Комментарий жиберүү