Футбол легендасы Пеле дүйнөдөн кайтты

 Бразилияда легендарлуу футбол оюнчусу, үч жолку дүйнө чемпиону Пеле 82 жаш курагында көз жумду.

Пеле 29-ноябрда Сан-Паулудагы Альберт Эйнштейн ооруканасына жаткырылган. Пеленин организми химиотерапияга жооп бербей калганы белгилүү болгон: спортчуга паллиативдик жардам көрсөтүлүп жаткан.

Ага 2021-жылдын сентябрь айында жоон ичегинин залалдуу шишиги деген диагноз коюлуп, операция жасалып, ошондон бери үзгүлтүксүз дарыланып келген.

Маалымат каражаттары 27-декабрда Пеленин абалы кескин начарлап, ал жакындары менен коштошконун жазышкан.

Пеле – футбол тарыхында дүйнө биринчилигин үч жолу (1958, 1962 жана 1970) уткан жалгыз оюнчу. Ал алгачкы жолу чемпион болгондо 18 жашта болчу.

Андагы финалдык оюнда (Бразия 5:2 Швеция) эки гол киргизип, ошондон кийин дүйнөгө атагы чыккан.

Пеле жалпы жонунан Бразилия курама командасы үчүн 92 оюн өткөрүп, 77 гол киргизген. Ал мындан тышкары Бразилия чемпионатындагы “Сантос” менен америкалык “Нью-Йорк Космос” клубдарында ойногон.

Пеле 20-кылымдын мыкты футболчусу деп таанылган.

Толук аты жөнү Эдсон Арантис ду Насименту. Анын Пеле дегенден сырткары “Футбол падышасы” деген да каймана аты бар.

Пеленин өлүмүнө байланыштуу Бразилиянын президенти Жаир Болсонароу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Комментарий жиберүү