Хабиб Мейвезер менен мушташуу үчүн сунушталган 100млн. доллардан эмнеге баш тартты?

UFCнин жеңил салмактагы орусиялык экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Флойд Мейвезер менен мушташуудан баш тартты.

Хабибдин менеджери Али Абдель-Азиз мындан мурда Хабибге мушкер Флойд Мейвезер менен мушташуу үчүн 100 млн. доллар сунушталганын жана ал буга карабастан баш тартканын билдирди.

 «Хабибге UFCден кеткенден кийин Флойд Мейвезер менен мушташка чыгууга 100 млн. доллар сунушталган. Бул тууралуу Флойддон сурасаңыз болот же каалаган адамдан сурасаңыз болот, бирок Хабиб: Жок, мен  UFCден кеттим. Карьерамды бүттүм деп апама айттым, мен ага берген сөзүмдү аткарам. Эгер апам дагы бир жолу мушташ десе, балким, мен күрөшөм, бирок ал азырынча антип айткан жок – деди. Ал мусулман үй-бүлөсүнөн чыккан. Биз энелерибизди аябай сыйлайбыз, анткени эненин уруксатысыз бейишке бара албайбыз », – деп  билдирди Абдель-Азиз.”

Эске салсак, Хабиб Нурмагомедов 2020-жылдын октябрь айында америкалык Жастин Гетхени жеңип, жеңил салмактагы титулдун үчүнчү коргонуусунан кийин UFCден кетээрин жарыялаган. Жалпысынан орусиялык  мушкер карьерасында 29 мушташ өткөрүп, 29 жеңишке жетишкен.

Комментарий жиберүү