Чайдын өлүмгө алып келүүчү коркунучтары

Түркиянын “Cumhuriyet” гезити ысык чай ичүүнүн ден-соолукка коркунуч келтирген зыяндарын тизмектеди.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, бир нече жыл бою 500 000 кишиге жүргүзүлгөн байкоолор, дайыма ысык чайды 65 градустан жогору температурада ичүү кызыл өңгөч рагына чалдыгуу коркунучун жогорулатарын көрсөттү.
Бул тууралуу гастроэнтеролог, профессор Ведат Гёрал рак дүйнөдө өлүмдүн себептери боюнча алтынчы орунда (башка булактарга ылайык, сегизинчи) турарына токтолуу менен билдирди. Анын айтымына караганда, бул олуттуу илдет. Анын генетикалык негизи бар, дүүлүктүрүүчү факторлор дагы болушу мүмкүн.
Профессор Ведат Гёрал Cumhuriyet гезитине берген маегинде, “Чыгыш Түркияда жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, кызыл өңгөч рагы Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда көп кездешет, анткени бул аймактарда чай жана ысык суусундуктар көп колдонулат”, – деп билдирди.
 Адистин айтымында, чылым чегип, алкоголдук ичимдик ичкендерде оорунун пайда болуу коркунучу жогорулайт.
“Эгерде чылым чеккендер ысык чайды көп ичсе, рактын пайда болуу коркунучу эки эсеге, ал эми спирт ичимдиктерин ичсе беш эсе көбөйөт”, – деди.
Ошондой эле, куюлган чайдын ысыктыгынан стаканды колго кармоо мүмкүн эмес болсо, анда аны ичерден мурун 3-4 мүнөт күтүү керектигин жана күнүнө 3-4 чыныдан ашык чай ичпөө зарылдыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары, өтө муздак суусундуктарды ичпөөгө жана ысыктын артынан муздак ичпөөгө, анткени бул узак мөөнөттүү ракка айлануусу мүмкүн болгон гастритке, рефлюкске, жарага алып келерин билдирди. Эгер жутуу кыйын болсо, дарыгер адиске кайрылууну сунуштады.

Комментарий жиберүү