Жогорку Кеңештин депутаттары 20-октябрдагы жыйынында Баткен жана Ош облустарынын чек ара аймактарынын тургундарына “өзгөчө учурларда” курал берүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алышты.
Мыйзам долбооруна ылайык, төрт мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет:
🔵 “Мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө”;
🔵 “КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”;
🔵 “Курал жөнүндө”;
🔵 “Чек ара ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө”.
Мыйзам долбоору чек ара аймактарынын тургундарын ыктыярдуу мобилизациялоого жана курал-жарактарды берүүгө мүмкүндүк берет.
Демилге кечээ жабык эшик артында каралды.