Чет элдик мусулмандар быйылда Меккеге ажылыкка бара алышпайт

2021-жылы да COVID-19га  байланыштуу чет элдик мусулмандар Меккеге ажылыкка бара алышпайт.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Сауд Аравиясынын бийлиги өлкөдө жашагандардан 60 миң адамга гана ажылык кылууга уруксат берүү чечимин кабыл алган.

Өлкөнүн ажылык жана умра иштери боюнча министрлигинин маалыматына ылайык, ыйык жерлерге эмдөөдөн өткөн, өнөкөт оорулары жок 18ден 65 жашка чейинки зыяратчылар киргизилет.

Ушул жылдын март айында, Сауд Аравиясы быйыл коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөр ажылык сапарга бара аларын билдирген эле. Бирок, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө эпиядемиянын толкуну күчөп тургандыктан, бул жылы да чет өлкөлүк мусулмандарга ажылык кылууга уруксат берилген жок.

Сауд Аравиясында өткөн жылы ажылык зыяратты он миңдей гана киши аткарган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Саудия бийлиги чет жерлик зыяратчыларды өлкөгө киргизбөө чечимин кабыл алган эле.

Жыл сайын ажылык сапар үчүн Меккеге дүйнөнүн булуң-бурчунан 2 миллион чамалуу мусулмандар барышчу. Анткени исламдагы беш парздын бири – Меккеге ажылык зыяратка баруу.

Комментарий жиберүү