Шайлоого 31 мамлекеттин байкоочулары көз салышат

11-апрелде өтө турган шайлоого 31 чет мамлекеттен байкоочу көз салаары жана алдын ала 4990 адам добуш берээри маалым болду.

Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттиги Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) шилтеме берип билдирет.

Белгилей кетсек,  31 мамлекеттин байкоочулары жергиликтүү бийлик жетекчилерин шайлоого жана 11-апрелде Кыргызстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга көз салышат. “Бүгүнкү күндө 31 мамлекеттен 183 эл аралык байкоочу БШКнын аккредитациясынан өттү”,- деп белгиледи Борбордук Шайлоо Комиссиясы.

Эске салсак, байкоочулар Орусия, Азербайжан, Беларуссия, Улуу Британия, Казакстан, Македония, Молдова, Сауд Арабиясы, Түркия, Өзбекстан, Украина, Франция, Япония жана башка бир катар өлкөлөрдөн келишет.
 Мындан тышкары, ШКУ, ЖККУ, КМШ сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Европа Бирлигинин өкүлдөрү жана башка бир катар структуралар шайлоолорго жана референдумдарга аккредитацияланган.

11-апрелде өтө турган жергиликтүү шайлоолор менен бир күндө боло турган референдумда Конституцияга президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүүнү караган өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

Комментарий жиберүү