Шанхайдын жообу. Россия жана Кытай ЕБ менен НАТОго кандай каршы чараларды көрөт?

Июлдун соңунда Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин ТИМ жетекчилеринин жыйыны болду.

Жыйырма жылда бул уюм бир гана өзүнүн жашап кете аларын далилдебестен, евразия мейкиндигинде белгилүү оюнчуга айланды. ШКУ мамлекеттери – бул төрт ядролук держава, дүйнөнүн экинчи жана алтынчы экономикасы, Евразиянын 60% аянты жана жер жүзүнүн дээрлик жарым калкы. Сентябрда уюмдун катарын Иран толуктайт, анын артында бүтүндөй араб жана азиялдык мамлекеттер кезекте турушат. ШКУ өнүгүп келаткан өлкөлөр үчүн эмнеси менен кызыктуу, анын таасири канчалык жогору жана дегеле бул уюм НАТОго евразиялык атаандаш боло алабы?

Жаңы толкун

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) ТИМ жетекчилеринин жыйыны башталар алдында Ташкенттеги  конгресс-холлдо эртең менен эл жык-жыйма болду. Баардык баннерлер жана көрсөтмөлөр эки тилде – орус жана кытай тилдеринде.  Журналисттерге Өзбекстандын ТИМ жетекчиси Владимир Норов ачылыш сөз сүйлөгөндүгүнө гана катышууга уруксат беришти, андан соң алар Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавровдун пресс-жыйынын күтүүгө жөнөтүлдү. Алгач бул маалымат жыйыны бир гана россиялык ММКлар үчүн болору күтүлгөн, бирок жыйынтыгында чет элдик  журналисттерди да киргизишти – кайсы бир учурда пресса өкүлдөрү сүрүшүп, жөөлөшүп да кетишти.

Россиялык ТИМ жетекчисинин Өзбекстанга иш сапары Лавров мындан кийин болуп келген африкалык сапарынан жалаң гана климаттык өзгөчөлүгү боюнча эмес (Ташкентте деле  күн өтө ысык болду), бул жерде чет элдик журналисттер берген суроолор боюнча да бир топ айырмаланып турду. Эгер  Египет, Конго, Уганда жана Эфиопияда журналисттер коркпой эле россиялык министрден Украинадагы кырдаал жана азык-түлүк кризиси тууралуу сурашса, Ташкентте чет элдик репортёрлорду мындан ары ШКУ кандай өнүгөрү, бул уюмдун азыркы татаал мезгилде орду, ролу кандай болуп өзгөрөрү көбүрөөк кызыктырды.  

Лавровдун сөзү боюнча, азыр ШКУ — Батыш тарабынан таңууланып жаткан бир полярдуу дүйнө тартибине каршы тура ала турган саналуу уюмдардын бири. Уюм чындыгында НАТОго окшош эмес, себеби мүчө-өлкөлөр үчүн катаал шарттар жана милдеттерди таңуулаган аскердик-саясый альянсты түзүүнү көздөбөйт. Анткен менен эл аралык таасирдүүлүгү жана мааниси жагынан бир топ кийин түзүлсө да Түндүк атлантика альянсынан кем калышпайт.

ШКУ алгач “Шанхай бешилтиги” – 1996-жылы Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан тарабынан түзүлгөн чек ара маселелерин чечүүчү саясый уюм катары түзүлгөн. 2001-жылы Өзбекстандын кошулуусу менен “бешилтик” Шанхай кызматташтык уюму” болуп өзгөрүп, ал эми ишмердүүлүгү Борбор Азияда баңги бизнеси, террорчулук жана экстремизм менен күрөшүүнү камтыган. Күн тартибинде дайыма мүчө-өлкөлөр менен кошуна Афганистанга байланышкан суроолор ээлеген. Жылдар  өткөн сайын бул тизмени соода-экономикалык кызматташтык да толуктады.

“ШКУда алдыңкы жана өзгөчөлөнгөн мүчөлөр жок, НАТОдогудай АКШ жана анын жакын союздаштары калган альянстын баардык мүчөлөрүнө тигил же бул линияны таңуулаган жагдай жок”.  

Сергей Лавров.

Кийинки маанилүү кадам 2017-жылы ШКУга Индия жана Пакистандын кошулуусу болуп, аны аянты менен калкынын саны жана экономикасынын көлөмү  боюнча ири эл аралык бирикмеге айлантты. Бул деле чек эмес: уюм азыр  экинчи жана чоң масштабдагы кеңейүүнүн босогосунда турат. «Саммитте ШКУга толук мүчөлүккө өтүүнү же байкоочу жана диалог боюнча өнөктөш болууну каалагандар “кезекке” туруп жатышат», — деди Лавров  Ташкентте.

15-16-сентябрда Самарканддагы жолугушууда ШКУ өлкөлөрүнүн башчылары Иранды уюмга толук укуктуу мүчөлүккө кабыл алуу тууралуу документке кол коюуну пландаштырууда. Катышуучулардын арасында Беларуска туруктуу мүчөлүк укугун берүү боюнча да консенсус бар. Мындан тышкары Египет, Сауд Аравиясы жана Катарга диалог боюнча өнөктөш статусун – толук укуктуу мүчөлүк аралыгындагы өткөөл этаптагы укукту берүү боюнча да меморандум даяр.

Ушул эле Самарканд саммитинде ШКУ лидерлери Бахрейн жана Мальдивге ушундай шарт менен кызматташуу укугун берүү боюнча чечим чыгарууну пландаштырууда. «Известия» басылмасы билдиргендей, адаттан тыш кырдаал БАЭге байланыштуу пайда болду: араб мамлекети байкоочу статусун жана диалог боюнча өнөктөш статусун кыйгап өтүп, түз эле уюмдун мүчөлүгүнө толук укуктуу мүчө катары өтүүнү каалады. Мындан тышкары 2016-жылы ШКУнун ишине катышуу арызы менен Сирия менен Израиль да арыз беришкен.

 Лавровдун айтуусунда, ШКУга жандуу кызыкчылыгын азырынча байкоочу статусуна ээ Армения жана Азербайжан, ошондой эле бир катар азиялык мамлекеттер билдиришүүдө. Сөз сыягы, байкоочу статусуна арыз берген Камбоджа жана Непал жөнүндө болуп жатат окшойт. Уюмга кабыл алууга Мьянманын да талапкерлиги каралууда: Лавровдун Нейпьидиого иш сапарынын алдында жарыяланган РФнын ТИМнин билдирүүсүндө Россия азиялык мамлекетке ШКУга интеграциялануусуна жардам бере тургандыгы белгиленген.

ШКУнун Башкы катчысы уюм менен кызматташууну каалаган мамлекеттердин элчилери менен көптөгөн жолугушууларды өткөрүүдө, ал эми алардын бир нечеси Самарканд саммитине катыша алышат: иш чараларда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жана Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салман Аль Сауддун катышуусу күтүлүүдө.

Уюмдун өзүнө тарткан сыры

Аталган өлкөлөрдүн көпчүлүгү өздөрүнүн ШКУга карата кызыгуусун же кошулуу процессин бир нече жыл мурда башташкан, ал эми эл аралык аренадагы жакында болгон  окуялар  бул кадамдарды болгону тездетүүдө. Акыркы айлардагы кризистер – Украинадагы аскердик операциялар, Россия менен Батыштын ортосундагы мамилелердин курчушу жана Тайвандын айланасындагы тирешүүлөр – мурдагы дүйнөлүк тартиптин бузулуп, түп тамырынан бери башка, эл аралык мамилелердеги жаңы система түзүлө баштагандыгын айтышууда эксперттер.

Мына ушул жөнөкөй эмес жагдайда бир катар мамлекеттер каршылашкан тараптардын – айталы, Россия жана Европанын же Кытай менен АКШнын ортосунда тандоо жасоону каалашпайт,- андан көрө максималдуу эркиндик багытын сактап, “от күйгөн линиядан” кетип, алдыдагы геосаясый каршылыкта бир тарапта болууну калашат. ШКУга кирүү НАТОдон айырмаланып, ошол мамлекетке кайсы бир катаал милдетти такпайт жана башка мамлекеттер жана уюмдар менен өнөктөш болуусуна тоскоолдук жаратпай тургандыгын белгиледи Россиялык эл аралык иштер боюнча кеңештин (РЭИК) башкы директору Андрей Кортунов.

Айталы, Индия бир эле мезгилде ШКУда да, тынч океандык Quad альянсында АКШ, Япония жана Австралия менен бир катарда мүчө болуп саналат. Ошондуктан ШКУну Батышка каршы коалиция деп эсептөө туура эмес деп эсептейт саясат таануучу. Анын өзүнө тарткандыгы дал ушул ийкемдүүлүгүндө, мүчө-мамлекеттин ишмердүүлүгүн жүргүзүүдөгү эркиндигинде.

“Кандайдыр бир учурда  саясый тобокелчиликтерди ишке ашууга мүмкүнчүлүктөр бар”

Андрей Кортунов.

Анткен менен ШКУ кантсе да өз максатына жетүү үчүн чакырык таштайт – бир гана НАТОго эмес, жалпы батыштык көз караштагы дүйнөлүк тартипке. Акыркы жылдардын аралыгында анын күн тартибинде бир гана аймактык эмес, эл аралык көйгөйлөр да көтөрүлүүдө. Уюмга олуттуу кадыр-баркты ага бир эле мезгилде төрт ядролук державалардын: Россия, КЭР, Индия жана Пакистандын мүчө экендиги алып келүүдө. Салыштырмалуу  НАТОдо алар болгону үчөө – АКШ, Улуу Британия жана Франция.

Мындан тышкары, Лавровдун айтуусунда, ШКУ Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюму (ЖККУ), КМШ жана АСЕАН сыяктуу башка аймактык уюмдар менен тыгыз кызматташып, анын жыйынтыгында масштабдуу интеграциялык долбоордун – Чоң евразиялык өнөктөштүктүн негизин түзүшү мүмкүн.

Өнүгүп бараткан амбициялар

ШКУнун ишмердүүлүгүндө коопсуздук маселелери негизги суроо болгон менен акырындап анын багыты экономикалык, инвестициялык жана соода-сатык кызматташтыгына өтүүдө, ал эми келечек планда – мүчө-мамлекеттердин аймагында эркин соода аймагын түзүү. Бул идея сөзсүз түрдө өтө амбициялуу жана келечектүү: ШКУга катышкан-өлкөлөрдүн жана мына мына катарды толуктайт деп аткан Ирандын биргелешкен ИДПсы 2021-жылы 23,5 триллион долларга жетти. Салыштырып караганда, Евробиримдикте бул көрсөткүч 17 триллион долларды түзөт.

Ошол эле учурда ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылы 651 миллиард долларды түздү. Бирок мүчө-мамлекеттер ушул эле көрсөткүч менен токтоп калгысы келишпейт, азыр уюмда мындан аркы экономикалык интеграцияга багытталган бир катар документтердин пакетин даярдоо иштери жигердүү жүрүүдө. Алардын эң негизгилеринин тексти – жаңы транспорттук коридорлорду түзүү боюнча концепциялар — Лавров кесиптештери менен биргеликте Ташкентте ушул документти макулдашты. Сентябрда аны карап көрүшүп, сыягы кол коюлат.

Аны менен кошо акыркы геосаясый тирешүүлөр, өзгөчө Россияга каршы санкциялар ШКУ мамлекеттерин өзүнүн соода мамилелерин күтүлбөгөн жагдайда жаралган тоскоолдуктан кантип коргоо тууралуу олуттуу ойго салды. Россия ТИМ жетекчисинин айтуусунда, кырдаалдан чыгуунун оптималдуу жолу — бул өз ара эсептешүүдө акырындык менен доллардан улуттук валюталарга өтүү.  «ШКУнун ар бир өлкөсү өзүн канчалык ыңгайлуу сезүүнү өзү чечип, доллар ыңгайсыз валюта экендигин, керек учурда башка тарап улуттук валютасы аркылуу жеке кызыкчылыгын көздөй тургандыгын сезиши керек, — деди ал. — Америкалыктар бир катар мамлекеттерге мындай үстөмдүгүн бир эле жолу көрсөтүп жаткан жок».

ШКУнун аймагында 3.5 млрд адам жашайт.

Лавровдун айтуусунда, муну ШКУнун башка да өлкөлөрү түшүнөт, ошондуктан Ташкентте улуттук валюталардын үлүшүн жогорулатуу боюнча атайын жол картасы макулдашылып, ал лидерлерге Самарканддагы саммитте сунушталат. Бир эле мезгилде жаңы технология, инновация жана энергетика чөйрөлөрүндө масштабдуу долбоорлорго даярдыктар жүрүүдө. Акыркысы өтө маанилүү жана көп айтылып келаткан маселе. Азыр ШКУга мунай жана газды ири өндүрүүчүлөр — Россия, Кытай жана Казакстан кирет, ал эми Сауд Аравиясы, БАЭ жана Ирандын кошулушу менен уюмдун бул тармактагы мүмкүнчүлүгү андан да жогорулайт.

Анткен менен ШКУнун кеңейишинин деле өзүнүн жетишпестиктери бар: катарда канчалык ар кандай катышуучулар болгон сайын, алардын ортосундагы пикир келишпестик ошончолук көбөйүп, анын өнүгүүсүнө тоскоолдук жаралышы мүмкүн. Мисалы, өз ара  тирешкен Индия жана Пакистандын ШКУга мчөлүккө өтүшүнөн кийин бул эки мамлекеттин көп жылдык талашы жана ишенбөөчүлүгү террорчулукка каршы күрөшүүдөгү диалогду бир топ татаалдаштырып, Нью-Дели менен Исламабаддын чалгын маалыматын алмашуусуна тоскоолдук түзүп койду. Мындай кырдаал башка да келечектеги мүчөлөр: Армения жана Азербайжан, Сирия жана Түркия жана башка өлкөлөрдүн ортосунда болушу мүмкүн.

Ошондуктан ийкемдүүлүк жана катаал милдеттердин жоктугу бир эле мезгилде ШКУну НАТО сыяктуу аскердик-саясый блок сыяктуу уюмдарга салыштырганда натыйжасызыраак кылып көрсөтөт деп белгиледи Андрей Кортунов. Келечекте кандай модель ыңгайлуу экендигин болгону убакыт көрсөтөт.  «Көпчүлүгү ШКУ өзүн көрсөтө алгандыгына көз каранды. Анткен менен бул уюм али жаш жана тез өнүгүүдө, ошондуктан анда көптөгөн жагдайлар аныктала элек», — деп белгиледи ал.

Комментарий жиберүү