Швецияда мусулман жана христиандарга таандык мазарларга карата кол салуу болду

Полиция кол салгандар тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин айтып, окуяга күбө болгондорго кайрылууну суранды.

Швециянын Мальмё шаарындагы Остра көрүстөнүндө мусулмандар жана православ христиандарына таандык 20дай көрүстөн талкаланды.

Швециянын мамлекеттик телеканалы SVTге билдирүү жасаган Мальмё полициясынын катчысы Нилс Норлинг белгисиз адамдардын кол салуусунда көп сандаган мүрзө таштарынын талкаланып, үстүнө боек төгүлгөнүн айтты.

Норлинг сөз болуп жаткан мүрзөлөрдүн мусулмандарга жана православ христиандарга таандык экенин белгиледи.

СВД гезитинин кабарында 20га жакын көрүстөндүн талкаланганы, Орозо айттын биринчи күнү жакындарына дуба кылууну каалаган мусулмандар окуяны байкап, полицияга кабар бергени белгиленген.

Полиция кол салгандар тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин айтып, окуяга күбө болгондорго кайрылууну суранды.

Комментарий жиберүү