Швеция менен Финляндиянын НАТОго кириши Европа үчүн кооптуубу?

Финляндиянын жана Швециянын НАТОго мүчө болушу Европанын коопсуздугуна коркунуч келтирет.

Бул тууралуу Германиянын Jung Welt гезити жазганын lenta.ru маалымдады.

Басылманын журналисттери Стокгольм менен Хельсинкинин альянска мүчө болуусу тууралуу чечимди Европа аймагы үчүн “өлүмгө алып келүүчү кадам” деп баалашты.

Алар аскердик блоктун кошумча кеңейиши Европадагы коопсуздукту жакшыртпай эле тескерисинче азайтып, масштабдуу куралдуу кагылышуулардын коркунучун күчөтөт деп эсептешет.

Алардын айтымына караганда, Орусия Скандинавия мамлекеттеринин НАТОго киришине байланыштуу коркунучта эмес.

Кечээ, 18-майда Брюсселде Швеция менен Финляндиянын элчилери НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге Түндүк атлантикалык союзга кирүү үчүн расмий арыз тапшырышкан.

Бул өлкөлөрдүн арызын НАТО Кеңеши карап чыгып, андан соң Швеция менен Финляндиянын мүчөлүгүн уюмга мүчө 30 өлкө ратификациялоого тийиш.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган аталган уюмга Финляндия менен Швецияны кошууга каршы экенин, алардын арызына бөгөт коёрун билдирген. Ал Хельсинки менен Стокгольмду терроризмди колдоого айыптап, Анкара террорист деп эсептеген кишилерге саясий баш паанек берип жатканын айткан.

Комментарий жиберүү