ШКУнун саммитинде 40тан ашуун документке кол коюлду. Тизме

Бүгүн, 16-сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинде 40тан ашуун документке кол коюлду, анын ичинде узак мөөнөттүү ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишиминин жоболорун ишке ашыруу боюнча 2023-2027-жылдарга карата Комплекстүү иш-аракеттер планы жөнүндө чечим бар.

Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирет.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында лидерлер кол коюшкан документтер:

🔵 Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Самарканд декларациясы.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Узак мөөнөттүү ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишиминин жоболорун ишке ашыруу боюнча 2023-2027-жылдарга карата Комплекстүү иш-аракеттер планы жөнүндө чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өз ара байланышты өнүктүрүү жана натыйжалуу транспорт коридорлорун түзүү боюнча кызматташуу концепциясы жөнүндө чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жөнүндө чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин “Шанхай кызматташтык уюмунун ыктыярдуу элчиси” ардактуу наамы тууралуу жобо жөнүндө чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өз ара эсептешүүдө улуттук валюталардын үлүшүн акырындык менен жогорулатуу боюнча жол картасы жөнүндө чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет макамын алуу максатында Иран Ислам Республикасынын милдеттенмелери тууралуу меморандумга кол коюу жөнүндө чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөлүккө Беларусь Республикасын кабыл алуу жол-жобосун баштоо жөнүндө чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Бахрейн Королдугуна Шанхай кызматташтык уюмунун пикир алышуу боюнча өнөктөшү макамын берүү жөнүндө чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Мальдив Республикасына Шанхай кызматташтык уюмунун пикир алышуу боюнча өнөктөшү макамын берүү жөнүндө чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Мьянма Союзу Республикасына Шанхай кызматташтык уюмунун пикир алышуу боюнча өнөктөшү макамын берүү жөнүндө чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Бириккен Араб Эмирликтерине Шанхай кызматташтык уюмунун пикир алышуу боюнча өнөктөшү макамын берүү жөнүндө чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Кувейт Мамлекетине Шанхай кызматташтык уюмунун пикир алышуу боюнча өнөктөшү макамын берүү жөнүндө чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Варанаси шаарын (Индия Республикасы) 2022-2023-жылдары Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору деп жарыялоо тууралуу чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы билим берүү, илим жана маданият боюнча (2023-2027-жылдары) меморандумга кол коюу жөнүндө чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын Шанхай Кызматташтык Уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндамасы боюнча чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррордук түзүм кеңешинин 2021-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчету жөнүндө чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин чечимдеринин аракеттерин токтотуу жөнүндө чечими.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Климаттын өзгөрүшүнө чара көрүү боюнча аракеттер тууралуу билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Жүк жеткирүүнүн ишенимдүү, туруктуу жана диверсификациялан чынжырчасын камсыз кылуу боюнча билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Эл аралык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу тууралуу билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Туризм тармагында кызматташуусу жөнүндө өкмөттөр ортосундагы макулдашуусу.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекет макамын алуу максатындагы Иран Ислам Республикасынын милдеттенмелери тууралуу меморандум.

🔵 Египет Араб Республикасына ШКУнун пикир алышуу боюнча өнөктөшү макамын берүү жөнүндө меморандум.

🔵 Сауд Арабия Королдугуна ШКУнун пикир алышуу боюнча өнөктөшү макамын берүү жөнүндө меморандум.

🔵 Катар Мамлекетине ШКУнун пикир алышуу боюнча өнөктөшү макамын берүү жөнүндө меморандум.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда Соода кызматын көрсөтүү чөйрөсүндө кызматташуунун алкактык негиздери.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда Музей иштери чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда Энергиянын кайра жаратуу булактарын пайдалануу жаатында кызматташуу программасы.

🔵 ШКУга мейкиндигинде инфратүзүмдүк өнүктүрүү программасы.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда Өнөр жай кооперациясын стимулдаштыруу программасы.

🔵 ШКУнун ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда Санариптик сабаттуулукту өнүктүрүү программасы.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда Жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча кызматташуу программасы.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин медицина уюмдарынын ортосунда Жугуштуу ооруларды алдын алуу жана дарылоо маселелери жаатында кызматташуу боюнча жол картасы.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин ортосунда Артыкчылыктуу багыттар боюнча илимий-техникалык жактан кызматташуу жаатында иш-аракеттер планы (2022-2025-жылдарга).

🔵 ШКУнун алкагында Ички региондук сооданы өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Саламаттык сактоо министрликтеринин телемедицина жаатында кызматташуу концепциясы.

🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын “Акылдуу” айыл чарбасы жана агроинновациялар жаатында өз ара аракеттенүү концепциясы.

🔵 ШКУнун Катчылыгы менен Араб Мамлекеттер Лигасынын Башкы катчылыгынын ортосунда меморандум.

🔵 ШКУнун Катчылыгы менен Бириккен улуттар уюмунун ортосунда Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум (2023-2027-жылдарга).

🔵 ШКУнун Катчылыгы менен БУУнун Азия – Тынч океан экономикалык жана социалдык комиссиянын (АТЭСК) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

🔵 ШКУнун Катчылыгы менен “Астана” эл аралык каржы борборунун ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду жүзөгө ашыруу боюнча 2022-2025-жылдарга карата иш-чаралар планы.

Белгилей кетсек, ШКУнун саммити 15-16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүүдө. Саммиттин жүрүшүндө Иран ШКУдагы милдеттенмелер боюнча меморандумга кол коюп, бул өлкөнүн уюмга мүчө болушуна жол ачты.

ШКУ 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Ага Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан катышат.

Байкоочу өлкөлөр – Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия, өнөктөш өлкөлөр – Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка.

2021-жылдын сентябрында Душанбе шаарында өткөн ШКУ саммитинде Иранды уюмга кабыл алуу жана Египет, Катар жана Сауд Аравияга диалог боюнча өнөктөш статусун берүү процедурасы башталган.

Быйыл Беларусь расмий түрдө ШКУга толук кандуу мүчө катары кирүүгө арыз берди.

Комментарий жиберүү