Шойгу: Россия Украинада өзөктүк курал колдонбойт

РФтин коргоо министри Сергей Шойгу Россиянын Украинада тактикалык өзөктүк же химиялык курал колдонуу планы жок деп билдирди.

Бул тууралуу Коммерсант басылмасы жазды.

Ал массалык маалымат каражаттарында чыккан тескери маалыматтарды жалган деп атады.

“Аскердик көз караш менен караганда, алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн Украинада өзөктүк куралды колдонуунун зарылчылыгы жок. Россиялык өзөктүк куралдардын башкы милдети — өзөктүк чабуулдарды ооздуктоо. Өзөктүк куралдарды колдонуу өзгөчө жагдайлар менен чектелген, ал боюнча документтер ачык маалымат айдыңына жарыяланган”, – деди Шойгу эл аралык коопсуздук конференциясында сүйлөгөн сөзүндө.

Эске салсак, буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин өзөктүк согушта жеңүүчү болушу мүмкүн эмес экенин айтып, ал тутанбашы керектигин билдирген. Ал Россия дүйнөлүк коомчулуктун бардык мүчөлөрү үчүн бирдей коопсуздукту жактай турганын баса белгилеген.

Комментарий жиберүү