Шри-Ланкада миңдеген демонстранттар президенттик сарайды басып алды

Бүгүн, 9-июль Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарында массалык түрдө нааразычылык акциясына чыккан эл полициянын тосмолорун бузуп өтүп, президенттик сарайды басып алышты.

 Президент Готабая Раджапакса демонстранттар анын резиденциясын курчоонун алдында ал жерден чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Полиция демонстранттарды таркатуу үчүн суу менен атып, көздөн жаш агызуучу газ колдонууда.  

Башаламандык учурунда кеминде 33 киши жаракат алганы айтылууда. 

Чукул жыйынга чогулган партиялык лидерлер өлкө президенти Готабая Раджапаксаны кызматтан кетүү тууралуу арызын берүүгө чакырышты.

Шри-Ланка 1948-жылы эгемендик алгандан бери эң оор экономикалык кризисти башынан кечирүүдө. 

Коронавирустун пандемиясы туристтик секторун алсыратып, негизги киреше булагына сокку урган.

Өлкөдө азык-түлүк, биринчи керектелүүчү буюмдар, дары-дармек жана газ жетишсиз болууда. 

Шри-Ланканын көптөгөн аймактарында күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам электр жарыгы үзгүлтүксүз өчүүдө. 

Ошол эле учурда арал-мамлекеттин тышкы карызы 51 миллиард долларга жетти.

Комментарий жиберүү