Ысык-Көлдө скутердин ээси чет элдик жаранды сабап салды (видео)

Ысык-Көлдө суу скутеринин ээси чет элдик жаранды сабап салды.

 Бул тууралуу социалдык тармактарда (black_list.kg.) күбөлөр билдиришти.
Алардын айтымында, скутер ээси эс алуучуга (болжол менен Пакистандын жараны) гидроциклди колдонуу эрежелерин туура түшүндүрө алган эмес.
Пакистандыктар аны пайдалангандан кийин скутердеги чыпка кумга толуп жүрбөй калган. Скутер ээси чет элдик туристти сабап, милицияга алпарам деп коркуткан.
 Көпкө созулган талаштан кийин ал киши чет элдикти 5 миң сомго кое берүүгө макул болгон.
“Мындай учурлардан кийин кимдин биздин өлкөгө келүүнү каалоосу болот? Аларды дароо сабоонун кажети жок экенин түшүнүү үчүн канча убакыт керек? ” – деп окуянын күбөлөрү нааразы болушту.
Учурда  Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Комментарий жиберүү