Эксперт: Зеленский АКШдан курал сурайт

  Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШга биринчи кезекте каржылык жардам сурап барат, бирок Вашингтондо курал-жарак жеткирүү маселеси да талкууланат.

Мындай пикирин россиялык саясат таануучу Богдан Безпалько РИА Новостиге билдирди.

Буга чейин америкалык жана украиналык ЖМКлар Зеленский сапар менен АКШга барарын жазып чыгышкан.

Ак үй Зеленский Вашингтонго 21-декабрда Байдендин чакыруусу менен келерин тастыктады.

Мамлекет башчылары Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча командасынын негизги мүчөлөрү менен жолугушат, андан соң украин президенти журналисттердин алдында сүйлөп, Конгрессте сөз сүйлөйт.

“Албетте, ал колдоо сурайт. Менин көз карашым боюнча, ал үчүн эң негизгиси аскердик колдоо эмес, каржылык колдоо болуп саналат. Ага бул колдоо мамлекеттин иштеши үчүн – аскерлерге жана мамлекеттик кызматкерлерге айлык акы төлөп, пенсия берип, инфляцияны ооздуктоого керек. Украинанын бардык экономикасы акырындык менен бир заматта кыйроого учурай турган абалга келип жатат”, – деди Безпалко.

Эксперттин айтымында, Украинанын президенти талкуулай турган экинчи жагдай бул – европалык өнөктөштөр Киевге талап кылынган жабдууларды бербей жатканына байланыштуу аскердик колдоо.

Ал жакында эле Украина аскерлеринин башкы командачысы Валерий Залужный европалык өнөктөштөрдөн 300 танк, 500-600 жөө аскерлердин согуштук машинасын жана башкаларды сураганын белгилеп, бул аскердик техниканы европалыктар Россия менен урушкусу келбегендиктен жана мындай масштабдагы чыр-чатакка кийлигишүүнү каалабагандыктан бербейт деп кошумчалады.

Буга байланыштуу Зеленский АКШдан европалыктарга кысым көрсөтүүнү же өзүнүн запастарынан техникаларды берүүнү суранышы мүмкүн экенин баса белгиледи эксперт.

“Азыркы шарттарда мунун канчалык реалдуу экенин айтуу кыйын. Албетте, белгилүү бир сандагы танктарды аздан чогултуп, жыйнаса болот, бирок бул Батыш, Европа мамлекеттеринин арсеналдары олуттуу түрдө азаят. АКШ Украинага Abrams танктарын бере алышы мүмкүн, бирок бул чыр-чатактын кескин курчушуна алып келет”,- дейт Безпалько.

Ал АКШ танктарды берип жаткан учурда да логистика маселеси келип чыгат деп баса белгиледи.

Комментарий жиберүү