Эксперт: Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди калыбына келтирүүгө убакыт келди

Россиянын илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Жакынкы жана Орто Чыгышты изилдөө боюнча борборунун илимий кызматкери Владимир Сажин Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди  калыбына келтирүүгө убакыт келгенин билдирди.

Бул тууралуу ал “Russia Today” эл аралык медиа тобу тарабынан уюштурулган “Иран менен макулдашылган өзөктүк келишимди калыбына келтирүүнүн перспективалары” деген темадагы тегерек столдун алкагында билдирди.

“Менин оюмча, азыр келишимди калыбына келе турган учуру келди жана ага  көптөгөн себептер бар”, – деди ал.

Эксперт Россияга каршы масштабдуу санкциялардын киргизилиши европалыктардын да, америкалыктардын да козголуусуна түрткү болду деп эсептейт.

“Ушул жылдын аягына чейин орус мунайынын Европага экспорту дээрлик токтойт, анан албетте, Европа биринчи кезекте кошумча жеткирүүлөргө кызыкдар”, – дейт Сажин.

Анын айтымында, азыр Ирандын мунай сактоочу жайларында 80 миллион баррелге жакын мунай бар жана Иран биринчи мүмкүнчүлүк болсо эле Европага дароо чоң көлөмдөгү мунай жөнөтөт.

“Мындан тышкары, Европа да Иранга рынок катары кызыгат. Бул белгилүү бир деңгээлде Россия үчүн пайдасыз болуп калат, анткени Тегеран Москва менен болгон карым-катнаштары чыңдалып жатканына карабастан, барган сайын Батышты көздөй багыт алат”, – деди эксперт.

Анын айтымына караганда, учурда келишим боюнча тарапташтар маселенин тез арада чечилишине кызыкдар болуп турушат.
“Учурда, мурункудан айырмаланып, Венадагы жолугушуунун бардык катышуучулары бул маселенин тез арада чечилишине абдан кызыкдар. Менимче, бүгүнкү күндө бизде болгон маалыматка караганда, чечилбеген майда гана учурлар калды жана алар жакынкы күндөрдө чечилет”, –  деди эксперт.

Августтун башында Венада Иран менен өзөктүк келишимди калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өткөн. 8-августта Евробиримдиктин координатору анын жыйынтыгы боюнча келишимдин долбоорунун “акыркы текстин” жарыялаган.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча кызматы жарыялаган өзөктүк келишим боюнча жыйынтыктоочу тексти дагы эле карап жатканын, аны эртерээк кабыл алууга чакырарын билдирди.

Ошондой эле Ирандын өзөктүк келишими боюнча макулдашууну кайра баштоо Тегерандын өзөктүк программасынын айланасындагы чыңалуунун алдын алуу жана тен салмактуулукту калыбына келтирерүү  үчүн “жалгыз акылга сыярлык жана натыйжалуу жол” деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, 2015-жылы Иран менен Улуу Британия, Германия, Кытай, Россия, АКШ, Франция Тегерандын өзөктүк программасын чектөөнүн ордуна санкцияларды алып салууну караган келишимге кол коюшкан.

2018-жылдын май айында Дональд Трамптын тушунда АКШ келишимден чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран өзөктүк изилдөөлөргө, центрифугаларга жана уранды байытуу деңгээлине коюлган чектөөлөрдөн баш тартып, келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскарткан.

Комментарий жиберүү