Эксперт Орусиянын эгини болбосо ачкачылык коркунучунда кала турган өлкөлөрдү атады

Антиорусиялык санкциялар дан экспортунун олуттуу кыскарышына алып келиши мүмкүн. Бул көп мамлекеттерге, биринчи кезекте Жакынкы Чыгыш менен Африканы ачарчылык коркунучуна кептейт.

Бул тууралуу “Орусиянын Элдердин достугу университетинин” Дүйнөлүк экономика жана бизнес институтунун “Эл аралык экономикалык коопсуздук” программасынын доценти Хажимурад Белхароев “Прайм” агенттигине берген маегинде айтты.  

Эксперт акыркы беш жылда Орусия дүйнөлүк рынокто эң ири буудай жеткирүүчү болуп келгенин баса белгиледи.

“Экспортунун 50 пайызынан ашыгын дан эгиндери түзгөн Новороссийск деңиз портуна киргизилген санкциялардан улам, 2022-жылы дан азыктарын буга чейинки көлөмдө экспорттоо суроо жаратууда”, – деди эксперт.

Анын айтымына караганда, дүйнөнүн ири жүк ташуучу компаниялары Орусияга каршы чектөөлөргө кошулушууда жана алардын кемелери Орусиянын деңиз портторуна кирбейт. Ошондуктан, Орусияда эгин жетиштүү болгон күндө да аны сатууга мүмкүн болбойт.

Мындан тышкары, эксперт Орусиянын нан экспортунун географиясына токтолуп, Түндүк жана Тропикалык Африка өлкөлөрүн, ошондой эле Жакынкы Чыгышты, ЕБ жана КМШнын бир катар өлкөлөрүн атап, “Орусия дүйнөлүк дан рыногунун бештен бир бөлүгүн түзөт жана бул көлөмдү алмаштыруу мүмкүн эмес”, – деди.

Комментарий жиберүү