Эксперт: Тажикстанга ЖККУнун бейпилдик күчтөрү кириши мүмкүн

Эгер Тажикстан Тоолуу Бадахшандагы кырдаалды тышкы террорчулар туруксуздаштырып жатканын далилдесе, анда ал ЖККУдан жардам сурай алат.

Башкача айтканда, коңшу өлкөнүн аймагындагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн ЖККУнун аскердик контингенти кириши мүмкүн.

Бул тууралуу коопсуздук боюнча эксперт, УКМКнын төрагасынын экс-орун басары Артур Медетбеков «Вечерний Бишкек» басылмасына билдирди.

Анын айтымында, Казакстан мындай кырдаалда ЖККУнун бардык мүчөлөрү үчүн үлгү болуп калды.

“Акыркы күндөрү Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунан массалык нааразылык акциялары болуп жатканы тууралуу маалымат келип жатат. Ошондуктан ЖККУ Тажикстандагы Эмомали Рахмондун режимин сактап калуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Бирок, алар чындап эле террорчуларбы же бийликти коргош үчүн элин ушинтип атабы деген негизги суроо жаралат? Ошол эле учурда карапайым жарандардын арасында экстремисттер жана террорчулар жана Ооганстан менен байланышы бар баңги топтору болушу мүмкүн. Ошондуктан азыр бардыгы Тажикстандын бийлиги канчалык тез аракеттенерине көз каранды болот. Ушундан улам ЖККУнун аскерлерин Тажикстандын аймагына киргизилиши мүмкүн экенин жокко чыгарууга болбойт”, – деп баса белгиледи Артур Медетбеков.

Бирок, эксперт эгер социалдык чыңалуу сакталып кала турган болсо, анда ал биринчи ирет жөнгө салынгандан кийин да келечекте кайталанышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, кечээ, 18-майда Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан облусундагы Рушан районунда антитеррордук операция башталгандыгы маалымдалган. Өлкөнүн ИИМинин расмий маалыматы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аталган райондун аймагындагы эл аралык Душанбе – Кульма унаа жолун мыйзамсыз жаап алган. Кылмышкерлер муну мамлекеттик чек аранын тилкесинде коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында жасаган.

Кылмышкерлер эл аралык террордук уюмдардын колдоосу менен өлкөнүн чегинен тышкары курал-жарактарды жана ок-дарыларды алышкан, ошондой эле террордук актыларды жана башка чагымчылдыктарды ишке ашыруу үчүн чет элдик жалданган кишилерди тартышкан.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Рушан районунда жүргүзүлгөн атайын операция учурунда сегиз киши набыт болуп, 11и жараат алып, 70тен ашууну кармалды.

Министрлик каза тапкандарды “куралчан топтун мүчөлөрү” деп атады.

Бийлик бир офицер окко учканын, 13 аскер жараат алганын кошумчалады.

Комментарий жиберүү