Эксперт: Түндүк Корея дрондорун Түштүк Кореянын абадан коргонуусун сыноо үчүн учурган

 Аскердик эксперт Алексей Леонков: Түндүк Корея дрондорун сынап, ошол эле учурда Түштүк Кореянын абадан коргонуусун да текшерди.

“КЭДР өздөрүндө чыккан учкучсуз учуучу аппараттарын сынап, ошол эле учурда Түштүк Кореянын абадан коргонуусунун эффективдүүлүгүн сынап жаткан, бирок башкарууну жоготкондуктан учкучсуз учактар ​​коңшу өлкөнүн аба мейкиндигине терең кирип кеткен”, – деди Леонков РИА Новостиге берген маегинде.

26-декабрда Түндүк Кореянын беш дрону Түштүк Кореянын аба мейкиндигин бузуп кирип, алардын бири Сеул аймагына чейин жеткен.

Түштүк Кореянын аскерлери чек араны бузууга жооп иретинде согуштук учактарын, тик учактарын асманга көтөргөн. Жети сааттын ичинде 20 миллиметрлик замбиректерден дрондорго 100дөй ок атышып, бирок атып түшүрө албай койгон. Учактардын бири белгисиз себептерден кулап түшкөн, эки учкуч секирип кетүүгө үлгүргөн. Ал эми дрондордун бири Түндүк Кореяга кайтып, төртөө аскердик радардан жоголуп кеткен.

Өзгөчө кырдаалга байланыштуу Инчхон жана Кипмхо аэропортторунда аба каттамдар бир саатка жакын кечиктирилген.

Эксперттин айтымында, КЭДР америкалык “Patriot” комплекси Сауд Аравиянын объектилерин аба соккуларынан коргой албай калганын билсе керек. Бул маалыматка ээ болгон Түндүк Корея Сеулдун абадан коргонуусун сынап көрүүнү чечкен.

“Бирок, кыязы, кандайдыр бир себептерден улам дрондор башкаруудан чыгып, Түштүк Кореяга терең кирип кетишкен. Түндүк Корея буга чейин дрондорду жасаган алдыңкы өлкөлөрдүн катарында көрүнгөн эмес, бирок алар артта калбай, өздөрүнүн күчү менен учуучу аппараттарды жасап келишет. Дрондорду башкаруу алар иштен чыккандыгына же радиоэлектрондук күрөшүү каражаттарынын иштешинен улам жоголгон болушу мүмкүн”, – деди Леонков.

Ал бул кырдаал Түштүк Кореянын абадан коргонуу системасынын жер үстүндөгү компонентинин дрондордун учуп кирүүсүнө жооп кайтарууга даяр эместигин көрсөттү деп баса белгиледи.

“Ушундан улам Түштүк Корея Түндүк Кореянын дрондорун кармоо үчүн тик учактарды жана учактарды асманга көтөрдү. Негизи, дрондор чек араны кесип өтөөр замат абадан коргонуу системасы иштеп, сокку урушу керек болчу. Буга байланыштуу учурда Түштүк Кореянын аскерий чөйрөсүндө ызы-чуу болууда. Анктени бул Пхеньяндын жаңы түрдөгү чагымчыл аракеттери болгондуктан, ага даярдануу керек”, – деди ал.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги Түндүк Кореянын беш дрону эки өлкөнү бөлгөн демаркациялык сызыкты бузуп өткөнүн “ачык чагым” деп атады.

Сеул Пхеньяндын дрондорунун өз аймагына басып киришине жооп кылып, армиянын учкучсуз учуучу чалгындоо каражаттарынын жардамы менен Түндүк Кореянын негизги аскердик объектилерин тарткан.

Комментарий жиберүү