Эксперт: «Украинадагы Туран батальону-батыштык саясий технологдордун иши»

Украинадагы “Туран” батальону – батыштык саясий технологдордун иши. Мындай пикирин коопсуздук боюнча эксперт жана коомдук ишмер, отставкадагы подполковник Динмухамед Алмамбетов Youtube-каналынан билдирди.

Анын айтымында, “Туран” батальонунун командири, Кыргызстандын жараны, Чолпон-Атада туулган Кудабек уулу Алмаз жөн гана батыштык саясий технологдор үчүн ыңгайлуу фигура болуп калды.

“Анын катарына Борбор Азия элдеринин өкүлдөрү чогулган. Бул украиналыктардын эмес, батыштын саясий технологдорунун иши… Бүгүнкү күндө Кудабек уулу Алмаз казак менен кыргыздарды ыңгайлуу учурдан пайдаланып орустарды талкалап, чогуу жеңели деп чакырып жатат”, – деди ал.

Алмамбетовдун айтымында, учурда республиканын атайын органдары аны (Кудабек уулу Алмаз – ред.) издөө жана мекенине экстрадициялоо боюнча иштерди баштады.

Эксперт Кыргызстанда чоң саясатты жакшы түшүнбөгөн, СССРди көрбөгөн карапайым жаш балдар Алмаз менен телефондон байланышка чыгып, Украинага кетип, ал жакта орустарга каршы согушуп, ошол жерде көптөгөн балдар өлүп, көмүлүп кеткени да толтура экенин белгиледи.

Ал ата-энелерге кайрылып, балдардын Украинага кетип жатканы чоң жаңылыштык экенин айтып, аларды Батыштын идеологиясын коргош үчүн бөтөн жерге баргызбай, өз жеринин патриоту болуп, өз мекенин коргоону үйрөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө чакырды. 

Эске салсак, ноябрдын аяк ченинде Украинада биринчи түрк тилдүү батальон түзүлүп, аны кыргыз жараны Алмаз Кудабек уулу жетектеп чыкканы соцтармактарга кеңири тараган.

Украинада чач тарач болуп иштеп жүргөн кыргыз жараны Алмаз орустарга каршы өздөрүн “Туран” деп атаган аскердик топ түзүлгөнүн жарыялаган. Батальондун он чакты мүчөсү күжүрмөн катарга тизилип, видео кайрылуу жасашкан.

Кыргызстанда коопсуздук кызматы ага каршы кылмыш ишин козгогон.

Комментарий жиберүү