Эл аралык коалиция Ирактан аскерлерин чыгара баштады

Эл аралык коалициянын Ирактагы согуштук миссиясы аяктады.
Бул тууралуу Ирактын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Касем ал-Аражи Twitter баракчасына билдирди.

“Бүгүн биз өткөн жылы коалициялык күчтөрдүн аскердик миссиясы аяктаганын жана Ирактан чыгып кеткенин расмий жарыялоо үчүн баштаган эл аралык коалиция менен диалогдун акыркы раундун аяктадык”, – деди расмий өкүл.

Анын айтымында, эл аралык коалиция менен алака окутуу жана консультация берүү жаатында уланат.

2020-жылдын 5-январында Ирак парламенти көпчүлүк добуш менен чет элдик аскерлерди чыгарып кетүүгө добуш берген.

Мындай чечим ошол эле жылдын 3-январына караган түнү Багдад аэропортунун аймагындагы америкалык операциядан кийин кабыл алынган, анын натыйжасында ирандык генерал, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун атайын күчтөрүнүн командачысы Касем Сулеймани жана Ирактын жогорку даражалуу солдаттар курман болгон.

Окуядан кийин АКШ баштаган коалиция Ирак армиясына мурда америкалык аскерлер жайгашкан бир катар объектилерди, анын ичинде бир катар аба базаларын жана коалициянын аскерий кеңешчилеринин штаб-квартирасын өткөрүп берди.

Комментарий жиберүү