Эмдөөнүн алдында жана кийин бир нече күн ичимдик ичүүгө болбойт

Эмдөөнүн алдында жана эмдөөдөн кийин  3-5 күндүн ичинде тамеки чегүүнү, спирт ичимдиктерин ичүүнү токтотуп туруу керек.

Бул тууралуу “Хеликс” лабораториялык кызматынын медициналык директору Дмитрий Денисов айтканын орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Анын айтымында, алкоголдук ичимдиктин иммундук системага басуучу таасири бар жана интоксикация, аллергиялык реакциялардан улам башка терс таасирлерди жаратышы мүмкүн.

“Натыйжада, бул эмдөөдөн кийинки абалдын начарлашына жана иммундук жооптун калыптанышына терс таасирин тийгизиши мүмкүн”, – дейт эксперт.

Ал эмдөөдөн өтөрдөн мурда антителолорду өндүрүү үчүн зарыл болгон белокко бай азыктарды керектөө керектигин, ошондой эле, күнүмдүк тамак-ашта A, B6, B12, B9, C, D, E витаминдери, ошондой эле цинк, жез, селен, темир сыяктуу минералдар жетиштүү болушу керек экендигине көңүл буруу зарыл экенин, анткени бул витаминдер иммундук системаны сактоодо негизги ролду ойной турганын белгиледи.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү