Эммануэль Макрон кайрадан Франциянын президенти болуп шайланды

Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында учурдагы президент Эммануэл Макрон жеңип чыкты.

Ал президенттик шайлоонун экинчи айлампасында атаандашы, ашкере оңчул саясатчы  Марин Ле Пенди ишенимдүү түрдө жеңди жана дагы беш жыл бою Евробиримдиктин экинчи ири өлкөсүн башкарып калат.

Маалыматка караганда, добуштар 100% саналгандан кийин Макрон 58,55%, Ле Пен 41,45% добушка ээ болгон.

Бирок, алдын ала жыйынтыктар Макрондун добушу 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу азыраак экенин көрсөтүүдө. Беш жыл мурда да шайлоонун экинчи айлампасына Макрон менен Ле Пен чыккан. Анда Макрон жалпы добуштардын 66,1%, Ле Пен 33,9% ээ болгон.

Жогорку жетекчиликти жактырбоо улуттук өзгөчөлүккө айланган өлкөдө Макрон соңку 20 жылда экинчи мөөнөтүнө шайланган биринчи француз президенти болуп калмакчы. Ал эми Марин Ле Пен үчүнчү жолу президенттик шайлоого катышып, эки жолу Макронго утулган болот.

Франциянын өнөктөштөрү Макрондун жеңгенине ыраазы экенин билдиришти. Италиянын премьер-министри Марио Драги шайлоонун жыйынтыгын “бүт Европа үчүн эң сонун жаңылык” десе, Испаниянын премьер-министри Педро Санчес “француздар эркин, күчтүү жана адилеттүү Евробиримдикти колдошту”,- деди.

Комментарий жиберүү