Эмне үчүн АКШ Пакистанда аскер базасын куруп жатат?

АКШ армиясы Пакистандагы Дюранда линиясынын жанына ири аскер базасын кура баштады.

Бул тууралуу Ооганстандын “Ariana news” маалымат агенттиги билдирди.

Борбордук Азиянын маалымат порталы АКШ Ооганстан менен чек арага жакын Пакистандын аймагында өзүнүн аскердик түзүлүштөрүн жайгаштыруу жолу менен өзү үчүн кандай стратегиялык милдеттерди чечип жаткандыгын талдап чыкты.
Маалымат каражаттарынын билдиришинче, АКШнын базасы Пакистандын Ооганстандын Пактия провинциясы менен чектешкен Уруу аймагындагы Шалозан Куррам районунда курулуп жатат.

Америкалыктардын жаңы базасы Ооганстан менен чек арадан 8 чакырым алыстыкта жайгашат.

Парачинар – Пакистандын түндүк-батыш тарабы, Пешевардан алыс эмес, пуштундардын жана Талибандардын топтолгон борбору. Бирок, Ооганстандагы америкалык аскерлердин өкүлү полковник Сонни Леггет бул маалыматтарды четке какты.

Буга карабастан, Ооганстан менен Пакистандын маалымат каражаттары Кошмо Штаттар өзүнүн аскер бөлүктөрүн кургак жана аба жолу аркылуу Пакистанга жайгаштыруу процессин баштаганын маалымдашууда.

Ирандык маалымат булактары да АКШ Пакистандагы Парачинарда аскер базасын кура баштагандыгын кабарлашты.
Мындан тышкары, бул маалымат АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын билдирүүсү менен кыйыр түрдө ырасталган, анда Вашингтон Ооганстандын аймагынан өзүнүн аскердик контингентинин 20%ын чыгарып кеткени кабарланган.

Буга чейин Пакистандын Тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши анын өлкөсү америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарылгандан кийин өзүнүн авиабазаларын АКШга бербейт деп айткан. Ошол эле учурда ал Исламабад улуттук кызыкчылыктарды коргоп, Ооганстандагы тынчтык жараянын колдой тургандыгын убада кылган.

Пакистандын аскер базалары жана кургактык жолдору АКШнын Ооганстанга аскерий басып кирүүсүн колдоодо чечүүчү ролду ойногон.
“Жок, биз чет элдик аскерлердин болушуна жол берүүнү көздөбөйбүз жана Пакистан эч кандай базаны (АКШга) өткөрүп бербейт”, – деди тышкы иштер министри Исламабаддагы пресс-конференцияда.

Өз кезегинде, Талибан 26-майда билдирүү жасап, коңшу өлкөлөргө АКШнын аскер базаларын жайгаштыруу аларга кымбатка турарын эскерткен.

Орусиянын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов “Sputnik” агенттигине берген маегинде ошондой эле АКШ Өзбекстан менен Тажикстанда аскер базаларын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат деген божомолдорду четке каккан.

Ооганстан менен чек арага жакын Пакистандын аймагында өзүнүн аскердик түзүлүштөрүн жайгаштыруу менен, Америка өзү үчүн бир катар стратегиялык милдеттерди чечет:

Биринчиден, Ооганстандын чек арасынан 8 чакырым алыстыкта америкалыктардын аскердик катышуусун сактап калуу Вашингтонго Кабулдагы расмий бийликтерге аскердик жана саясий үстөмдүгүн сактап калууга мүмкүндүк берет.

Экинчиден, Американын Пакистан аймагында аскердик катышуусу Вашингтонго бир катар эл аралык террордук уюмдардын, атап айтканда, “Ал-Каида” террордук уюмуна натыйжалуу таасир этүүгө мүмкүндүк берет.

Үчүнчүдөн, АКШнын Пакистандагы аскердик катышуусу Исламабад менен Пекиндин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди олуттуу түрдө жөнгө салышы мүмкүн, бул Кытайдын региондогу позициясына терс таасирин тийгизет.

Бирок, Вашингтон үчүн Пакистан аймагына өз аскерлерин жайгаштыруу кандайдыр бир оң натыйжаларды алып келиши мүмкүн болсо, анда глобалдык туруктуулук жана региондогу коопсуздук үчүн бул кадам чоң терс кесепеттерге алып келет.

Америка контингентин сактап калуунун терс кесепеттери

АКШнын Ооганстан менен чек арага жакын жердеги аскерий күчтөрүнүн катышуусунун уланышы, албетте, республиканын ички саясий процесстерине терс таасирин тийгизет, бул өлкөдөгү ансыз деле татаал кырдаалдын курчушуна алып келет.

Мындан тышкары, америкалык аскерлер эл аралык террордук топтордун каналдарына таасир этүүгө аракет кыла турган болсо, анда Пакистандагы америкалык контингентке каршы согуштук аракеттердин башталышына алып келиши мүмкүн.

Ошентип, АКШнын аймактагы аскер күчтөрүнүн сакталышы аймактык туруктуулукка жана коопсуздукка терс таасирин тийгизет.

Комментарий жиберүү