Эмомали Рахмон кыргызстандыктарга көңүл айтты

Тажикстандын армиясы Баткенге кол салгандан 2 апта өткөндөн кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон чек арада курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Берилген маалыматтарга караштуу, Тажикстандын Кыргызстанга жасаган агрессиясынан улам көптөгөн сындарга кабылган Эмомали Рахмон, чек арада кандуу кагылышуудан эки жума өткөн соң, акыры курман болгондордун жакындарына көңүл айткан.

Белгилей кетсек, Тажикстан президенти Орозо майрамына байланыштуу куттуктоосунда мындай деген: “Бир нече күнгө созулган Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатактын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Силерге сабырдуулук тилеп, Кудайдан бардык күч-кубатты берүүсүн суранам “.

Эске салсак, тажик-кыргыз чек арасындагы кагылышуулар 28-29-апрелде болгон. Кагылышуудан189 кыргыз жараны жаракат алып, 36 адам, анын ичинде эки бала каза болгон.

Ал эми 6-майда гана тажик бийлиги чек арадагы кагылышуу учурунда 19 адам өлүп, 87 адам жаракат алганын тастыктады.
Эки өлкөнүн Башкы прокуратурасы чек арадагы окуяларга байланыштуу кылмыш ишин козгошту.

Акыркы эки жуманын ичинде чет өлкөдөгү тажик оппозициясынын өкүлдөрү президентти курман болгондордун жакындарына көңүл айтпагандыгы үчүн бир нече жолу сынга алышты. Учурда расмий өкүлдөр курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө барып көңүл айтып, президенттин тапшырмасы менен ар бир үй-бүлөгө 70 миң сомони (6 миң доллардан ашык) бергенин билдиришти.

Комментарий жиберүү