Эрдогандын Украинага барары тастыкталды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын 18-августта Украинага барары күтүлүүдө.

Бул тууралуу  Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик маалымдаганын чет элди басмылмалар жазышты.

Бул маалыматты түрк лидеринин басма сөз кызматы да тастыктаган.

«Президент Режеп Тайип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин чакыруусу менен 18-августта Львовго бир күндүк иш сапары менен барат», – деп жазылат маалыматта.

Эрдоган Львовдо Зеленский жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат.

Түрк президентинин администрациясынын маалыматына ылайык, эки өлкөнүн башчылары жолугушууда эки тараптуу мамилелердин бардык аспектилерин талкуулашмакчы.

Ал эми үч тараптуу саммиттин жүрүшүндө Россиянын Украинадагы аскердик операцияларын талкуулоо пландалууда.

«Жолугушуунун жүрүшүндө дипломатиялык жол менен эки өлкөнүн тирешин токтотуу үчүн жасала турган кадамдар, ошондой эле украин данын дүйнөлүк рынокко экспорттоо боюнча түзүлгөн механизмдин ишмердүүлүгүн күчөтүү жолдору талкууланат», – деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, август айынын башында Эрдоган Сочиге болгон сапарынын алкагында Россиянын президенти Владимир Путинди Зеленский менен жеке жолугушууга чакырган.

Бирок Кремь Түркия президентинин сунушун жактырганы менен орус лидеринин украин президенти менен жолугушуу ниети бар экенин тастыктаган эмес.

Комментарий жиберүү