Эрдоган АКШны күрд согушкерлерин курал менен камсыздоодо деп айыптады

 Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Америка Кошмо Штаттарын акыркы жылдары Сириядагы күрд топторуна миңдеген жүк ташуучу унаалар менен ок-дарыларды жеткирген деп айыптады.

Бул тууралуу Анадолу агенттигине шилтеме берүү менен РИА Новости жазды.

Эрдоган Түркиянын НАТОдогу өнөктөшү Сириядагы акыркы жылдары террорчулар баш калкалаган аймактарга ок-дары жана курал-жарак жеткирип келгенине нааразы экенин билдирип, Барак Обаманын убагынан бери уланып келе жаткан “салт” Дональд ТрамптынЖо Байдендин тушунда да өзгөрүүсүз келе жатканын сынга алды.

Ошондой эле, ал Анкара Сирия маселеси боюнча тынчсызданып жатканын Вашингтонго кабарлаганын айтты.

“Мен Обама менен да, Трамп менен жана Байден менен да жолугушууларда бул маселени көтөрдүм. Мен аларга НАТО боюнча өнөктөш болгондон кийин америкалыктар Сириядагы террорчуларга көрсөтүп жаткан колдоо Түркиянын түштүк чек арасына кооптуулук жаратып жатканын түшүнүшүбүз керек экенин айткам. Зарылдык жаралган учурда жооп кайтарууга аргасыз болорубузду эскерткенбиз”, – деди Эрдоган.

Анын айтымында, америкалык тараптын Анкарага жооп бере турган эч нерсеси жок.

“Биз Түркиянын улуттук коопсуздугу талап кылгандай иш-аракетибизди уланта беребиз. Эч кандай чегинүү болбойт! Анткени позициябыздын өзгөрүүсү биздин өлкө үчүн көйгөй туудурат”, –  деди өлкө башчы.

Эскерте кетсек, буга чейин Түркиянын Коргоо министрлиги Сирия менен Ирактын түндүгүн байырлаган күрд топторуна каршы аба операция башталганын жарыялаган. Маалыматка караганда, террорчулар аталган аймакты Түркияга кол салуу үчүн база катары пайдаланып келет.

Операцияны баштоого 13-ноябрь күнү Стамбулда болгон теракт себеп болгону айтылды. Жардыруудан алты киши каза таап, 81 адам жаракат алган. Шектүү аял кармалып, ал Күртстан жумушчу партиясы менен байланышы бар экенин мойнуна алган.

Түркия менен Күртстан жумушчу партиясынын согушкерлеринин ортосундагы каршылашуу 1984-жылы башталып, 2015-жылы жанданган. Учурда Ирактын түндүгүндө Күрттөрдүн базасы жайгашкан. Түркиянын Куралдуу күчтөрү аларга каршы да аскерий операцияларды жүргүзүп келет.

Комментарий жиберүү