Эрдоган менен Байден жолугушту

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байден жолугушту.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Жолугушуу кечээ, 14-июнда Брюсселде НАТО саммитинин алкагында болуп өттү. Эки өлкөнүн башчылары жолугушуудан кийин маалымат жыйынын өткөрүштү.  
Байден сүйлөшүүлөр жакшы маанайда жана жемиштүү өткөнүн билдирип, алдыда эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү улантышарын айтты.
“Эки тараптуу алакада чыныгы алдыга жылыштарга жетерибизге ишенем”, – деди АКШнын президенти.
Эрдоган да жолугушуу жемиштүү болгонун айтып, “Биз АКШ менен Түркиянын ортосундагы алакада маселе жок деп ойлойбуз. Маселелерге караганда кызматташуубуз көбүрөөк»”, – деп баса белгиледи.
Эскерте кетсек, акыркы мезгилде Түркия менен АКШнын ортосунда бир катар маселелер боюнча пикир келишпестиктер жаралган.
НАТОнун саммити – бул бир нече айдан бери даярдалып, кийинки жылдарга карай багыт аныктай турган иш-чара. Эреже боюнча, саммиттер эки жылда бир жолу өткөрүлөт.

Комментарий жиберүү