Эрдоган менен Путин Африкага эгинди бекер жөнөтүү чечимин кабыл алышты

  Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Россиянын президенти Владимир Путин сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Африкага бекер эгин жеткирүү чечимин кабыл алышты.

Бул тууралуу түрк лидери өзү билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин ал жаңыланган “Дан келишими” боюнча эгиндин биринчи партиясы Сомали, Судан жана Жибутиге жөнөтүлгөнүн айткан.

“Путин менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө муктаж болгон өлкөлөргө эгинди бекер жөнөтүүнү макулдаштык. Биз Путиндин “Африка Кара деңиз дан коридорунан пайда көрүшү керек” деген пикирине кошулабыз. Биз дан ташыган кургак жүк ташуучу кемелердин учурда азык-түлүк кризисинен жана ачарчылыктан катуу жапа чегип жаткан өлкөлөргө жетүүсүн камсыз кылабыз”, – деди Түркиянын президенти.

Эрдогандын айтымында, бул маселе БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен болгон жолугушууда да талкууланган. Ошондой эле, ал 13-14-ноябрда Балиде өтө турган Чоң жыйырмалыктын (G-20) саммитинде да Африканы камсыздоо маселеси тууралуу сүйлөшүүнү пландап жатканын билдирди.

Эске салсак, Россия 29-октябрда Украина менен “дан келишиминен” чыкканын жарыялаган. РФнын Коргоо министрлиги бул кадамга барууга Севастополдогу кемелерге каршы жасалган чабуулду жүйө келтирген. Түркиянын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Москва 2-ноябрдан тарта келишимге катышууну кайрадан улантууга макул болгон.

РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “дан келишимине” катышууну кайра баштоо чечими Түркиянын ортомчулугунун аркасында кабыл алынганын билдирди.

Комментарий жиберүү