Эртең Россияга жаңы аймактарды кошуу боюнча келишимдерге кол коюлат

Эртең, 30-сентябрда Москвада референдум өткөрүлгөн Донбасс, Херсон жана Запорожье облустарын Россияга кошуу боюнча келишимдерге кол коюлат.

Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин орус басылмалары жазышты.

“Эртең (30-сентябрда) Кремлдин Чоң сарайында, Георгий залында, саат 15:00дө (Москва убактысы боюнча) Россия Федерациясына жаңы аймактарды киргизүү боюнча келишимдерге кол коюу аземи болот”, – деп билдирди Дмитрий Песков.

Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында референдум өткөн төрт аймак менен келишим түзүлөт. Салтанаттан кийин Путин кайрылуу жасайт.

Эске салсак, Украинанын Херсон жана Запорожье облустарынын, ошондой эле Донецк жана Луганск элдик республикаларынын убактылуу администрациялары 23-27-сентябрда РФга кошулуу боюнча референдум өткөрүшкөн.

Жыйынтыгында, ДЭР, ЛЭР жана Запорожье облусунда референдумдун катышуучуларынын 90%дан ашыгы Херсон облусунда 87,05%ы Россия Федерациясына кошулууга макул добушун беришкени маалымдалган.

Буга чейин федералдык маалымат каражаттары 30-сентябрда бийлик Москванын борборунда референдумду колдоо митингин өткөрүүнү пландап жатканын жазып чыгышкан.

Комментарий жиберүү