Ядролук согуш коркунучу. Генерал Армагеддон жана ЖККУнун тумандуу тагдыры

 Дүйнөлүк ири державалар Россия менен АКШнын тирешүүсү адамзатты кайда алпарат?

10–14-октябрь күндөрү Кыргызстанда өтүшү керек болгон, аталышынын өзү эле абдан ишенимдүүдөй жана алардын оппоненттерине айбаттуудай сезилген, ЖККУга — ​жамааттык коопсуздук уюмуна киришкен мамлекеттердин кезектеги биргелешкен командалык-штабдык аскердик машыгууларынын («Нерушимое братство — ​2022») өткөрүлбөй калгандыгы, бул алдын ала белгиленген, жалпы регион үчүн өтө маанилүү аскердик иш-чаранын күтүүсүздөн эле токтотулуп калышы, тереңирээк талдап көргөндө, азыркы кезде Борбордук Азия мамлекеттери гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүнүн мамлекеттери соңку кездерде кескин өзгөрө баштаган дүйнөлүк геосаясий кырдаалга жараша, өздөрүнө ыңгайлуу болгон жаңыча позицияларды ээлөөгө ыктай башташкандыгын билдирип турат…

Казакстандын борбору Астанада 14-октябрда өткөн КМШ мамлекет башчыларынын жолугушуусунда бул тема эң башкы орунда болуп, ар түрдүү өңүттөрдөн талкууга алынды. Ансыз деле, “бузулгус достук”, “жамааттык коопсуздук” сыяктуу саясий документтер декларативдүү мүнөзгө өтүшүп, мурдатан өз ара макулдашылган милдеттенмелер реалдуу деңгээлде аткарылбай калгандыгына салыштырмалуу кыйла узак убакыт болуп калды.

Эң соңку ирет жамааттык коргонуу күчтөрү реалдуу түрдө колдонулуп, оң натыйжа берген окуя — ​ушул өтүп бара жаткан жылдын эң алгачкы күндөрүндө Казакстанда орун алгандыгы дагы символикалуу болуп турат. Албетте, ЖККУнун ыкчам аракет кылуучу, абдан машыккан күчтөрү эки күндүн ичинде экстремистчил эл аралык топторду жок кылышпаганда, региондогу абал азыркыдан дагы кыйла оор болуп, балким, Афганистан жана Сириядагы узак убакыттан бери уланып келе жаткан кагылышуулар жалпы эле Борбордук Азияны кучагына алмак!..

Бул өңүттөн алып караганда, Казакстанда жыл башындагы оңунан чыкпай калган “түстүү революция” жасоо аракети жана дагы андан көп өтпөй эле, 24-февральда Россия Федерациясы Украинада жарыялаган “Атайын аскердик операция” дагы бири-бири менен тыгыз байланышта тургандыгы шексиз. Россия КМШ мамлекеттеринин ичинен өзү менен чек арасы эң узун аралыкта чогуу болгон Казакстанды геосаясий өрттөн сактап калуу менен бирге эле, өз мамлекетинин ички кызыкчылыктарын дагы алдыңкы орунга койгондугу эч кандай шек туудурбайт.

Тажикстан Россиянын түштүк-чыгыштагы форпосту болуу менен бирге эле, бул дүйнөлүк державанын планетардык саясатында орчундуу роль ойноп тургандыгы, өзүнүн чектелген контингенттен турган аскердик базасын жайгаштыруу аркылуу, региондогу таасирин дагы сактап калгандыгы маалым. Ал эми Кыргызстанда (борбордун алдындагы Кант шаарында) Россиялык авиабаза жайгашкандыгына карабастан, Кыргызстан менен Россия Федерациясынын өз ара мамилелери соңку мезгилдерде кыйла солгундай баштагандыгы дагы табышмак эмес.

Экстремистчил күчтөрдүн бүт өлкөнү каптап кетүү коркунучунан жамааттык коопсуздуктун (чындыгында — ​Россиянын!) жардамы менен кутулган соң, андан көп убакыт өтпөй эле, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда Украинадагы аскердик операцияны колдомок турсун, тескерисинче сын көз менен карагандыгын, Луганск жана Донецк областтарынын (али алар Россияга кошулуу тууралуу референдум жөнүндө сөз да кылыша элегинде эле!) Украинадан көз карандысыздыгын жарыялашкандыгын тааныбай тургандыгын ачык билдирген!..

Кыргызстандын дипломатиялык каналдары оозуна суу ууртап алгансып, колдогонун, же, сынга алганын да айтпай, “нейтралдуу позицияны” ээлегенге умтулуп, кырдаалдын мындан ары кандайча өнүгөрүн аңдап-күтүп туруп алган сыяктуу (выжидательная) позицияны ээлеп калгандыгы да, Кремлдин учурдагы саясатына шайкеш келбейт. Мындай эки анжы позиция бул эки өлкөнүн ишенимдүү жана стратегиялык партнерлер катары өз ара дайыма жылуу болуп келген мамилелерин да кыйла суутуп салгандыгын мындан ары жашырганга болбой калды.

Ал ортодо, соңку жылдарда КМШ уюмуна катышуусун такыр токтотуп койгон Украинанын өкүлү Астанага келбей койгондугу да маалым болду. Кыскасы, Астанада КМШ мамлекет башчылары өз ара бетме-бет жана жабык эшик артында ачык сүйлөшүп, биротоло чечишип ала турган маселелер эбак эле жыйылып калган!..

Крымдагы деңиз аркылуу салынган көпүрө жардырылган соң, сегиз айдан бери созулуп келе жаткан “Атайын аскердик операция” дагы жаңы этапка өткөндүгү байкалууда. Аскердик, энергетикалык, байланыштык объектилерди орточо жана алыскы аралыктагы өтө таамай (высокоточные) ракеталар менен бутага алуу аркылуу, Россия өз алдына койгон максаттарга жетмейинче эч кандай компромисстик макулдашууларга барбай тургандыгын тастыктоодо.

Бир аз мурда эле Сириядагы геосаясий согушта кеңири таанылган, жана да өз коллегалары арасында “Армагеддон» (грек мифологиясы боюнча, чечүүчү жана акыркы салгылашуу болчу жер) аттуу атка конгон Армиянын генералы, Россия Федерациясынын Баатыры Сергей Суровикин атайын операцияны өткөрүүчү күчтөрдүн командачысы болуп дайындалгандын эртеси күнү эле, согуш талаасында дагы чечүүчү бурулуш башталгансыды. Буга чейин бүт дүйнө жүзү Владимр Путин менен АКШ президенти Джозеф Байдендин ортосундагы сырттан (заочный) кайым айтышууларынан улам, дүйнөгө ядролук согуш коркунучу туулдубу жана аны ким баштайт деген суроолорду кызуу талкуулап келген.

Дүйнөлүк геополитика боюнча одиоздуу Збигнев Бжезинскийдин көзү өткөн соң, алдыңкы орунга чыккан АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси, Джон Болтон ал тургай опузалуу эскертүү жасаганга да үлгүрдү: эгерде Путин ядролук куралды колдоно турган болсо, ал № 1-бутага айланат да, аны дагы экстремист-тероррист Бен Ладен сыяктуу эле тагдыр күтүп турат деген мааниде…

Улуу окумуштуу-физик Альберт Эйнштейн мындан жарым кылымдан ашуун илгери эле: “Үчүнчү дүйнөлүк согушта кандай курал колдонуларын билбейм, бирок, төртүнчү дүйнөлүк согушта кишилер колдоруна жалаң гана таштарды, таяктарды кармап алып согушуп калышат” — ​деп айткандай, адамзат өзүн өзү жок кылууга жарым кадам калган чакта, сыягы, анын өзүн өзү сактоо инстинкти (инстинкт самосохранения) башкы орунга чыгат окшойт. Андай болбосо, азыркы кезде бул эки өлкөдө тең бүт дүйнөнү глобалдуу катастрофага оңой эле батырып салчу куралдары жетишерлик.

Бул жагынан алып караганда, АКШнын президенти Джозеф Байден “өтө катуу жаңылышкан рационалдуу адам” деп атаган Владимр Путин бүткүл НАТО күчтөрүнө каршы жалгыз согушуп жаткандыгына карабастан, эч кандай эмоцияга алдырбай, сабырдуулук менен, планомердүү түрдө өз оюн ишке ашырып жаткандыгын танууга болбос.

Тескерисинче, бул жагдайда Владимр Путинге караганда АКШ президенти Джозеф Байдендин адекваттуулугу жоголуп, бүт дүйнө алдында алжыган абышканын кейпин кийип бара жаткандыгы кооптондурбай койбойт. Өткөндө бир конференцияда Байден: конгрессмен Джеки Валорски кайда жүрөт? — ​деп, атын атап, чакырып, залда олтургандар анын август айында эле автокырсыктан өлүп калгандыгын эске салышканда, ал эсине араң келгендиги эле бул трагикомедия канчалык масштабдуу болуп бара жаткандыгын айгинелеп турат.

Атайын даярдалган шпаргалкалар боюнча журналисттерге жооп берип бүтүп, андан соң, кайра артка чыгып кетүүчү эшикти таба албай, кээде көкмээ болгон койчосунан бир ордунда тегеренип, туруп калмай адаты бар адамдын эң күчтүү — ​ядролук куралы бар мамлекеттин башчысы болуп, башкы командачы катары ядролук чемодан кнопкасына басуу укугу анын колунда экендиги эле, жалпы адамзаттын тагдыры кыл учунда тургандыгын эч кандай актануулар менен дагы, такыр жокко чыгара албайт.

Бул трагикомедия жеке Джозеф Байдендин эле эмес, жалпы адамзаттын тагдырына тиешелүү болуп жаткандыгы өкүнүчтүү. Кечээ эң акыркы берген маегинде, жакында 80 жашка толо турган Джозеф Байден өзүнүн экинчи мөөнөткө дагы президент болуу үчүн президенттик шайлоого катышарын, атаандашы Дональд Трампты утуп чыгарына ишенерин жарыялады.

Эриксизден, бир кезде эки ирет өз ден-соолугуна байланыштуу отставкага кетүүгө суранса да, аны курчап турушкан саясий бюронун мүчөлөрү — ​өз жеке карьераларын ойлошкон курдаш абышкалар! — ​суранып жатышып, кызматтан кетирбей коюшкан Леонид Брежневдин кайгылуу тарыхы эске келет. Демек, дүйнөлүк геосаясий кырдаал позитивдүү жагына карай биротоло өзгөрүшү үчүн, эң башкы оюнчу өлкөлөрдүн позициялары адекваттуу болушу үчүн, ириде ал дүйнөлүк державалардын мамлекет башчылары да өз учурунда жана кечиктирилбей алмашып туруусу керек!

Комментарий жиберүү