Японияда гипертонияга каршы помидор өстүрүлдү

Японияда алгачкы жолу кан басымынын жогорулашынын алдын ала турган помидордун сортун өстүрө башташты.

Ал үчүн окумуштуулар геномду өзгөртүү технологиясын колдонушкан.

Бул тууралуу япон ЖМКлары жазды.

Мындай помидорлорду Токиодогу “Sanatech Seed” компаниясы иштеп чыгып, өстүрүүдө.

Окумуштуулар кан басымынын жогорулашына жол бербөө үчүн помидордогу гамма-аминомай  кислотасынын өлчөмүн 4-5 эсеге көбөйтүшкөн.

Генетикалык-модификацияланган помидорлор күнөсканаларда өстүрүлүп, интернет аркылуу сатылууда.

Мындай помидорлор Японияда дарычылык максатта гени өзгөртүлгөн биринчи продукт болуп калды. Учурда помидорлордун биринчи партиясы сатыкка чыгарылды. Анын 1 килограммы 68 долларга сатыла баштады.

Комментарий жиберүү