Японияда катуу жер титирөө болуп, 32 киши жабыркады (видео)

Токиого жакын жерде күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болуп, жабыркагандардын саны 32ге жетти.

Бул тууралуу өрт өчүрүү кызматынын маалыматына таянуу менен Киодо агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, үч адамдын абалы оор деп бааланууда.

Жер титирөөдөн кийин Токио линиясындагы поезд кыймылы азырынча калыбына келтириле элек. Бир катар метро линияларында жана шаардык темир жолдордо поезд каттамдары кечиктирилди.

Цунами коркунучу жарыяланган жок. Силкинүүнүн очогу 80 чакырым тереңдикте болгон.

Жердин силкиниши өлкөнүн 47 префектурасынын 26сында сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалыматтар жок.

Комментарий жиберүү