Үй-бүлөлүк зомбулук кайрадан көбөйдү

2021-жылдын башынан бери Ош облусунда кыз-келиндер арасында өз өмүрүнө кол салган эки учур катталып, тергөө иштери башталган.

Муну адистер үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун күчөп баратканы менен түшүндүрүшөт. Милициянын маалыматында, өткөн жылы зомбулукка кабылганын айтып 214 аял арыз жазса, быйыл бир жарым айда эле 50 жаран даттанды.

Кыз-келиндер арасында өз өмүрүнө кол салуу – үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка чыдабай, аргасыздан ушул кадамга барышат деп түшүндүрүшөт.

Интернеттеги социалдык тармактардагы кыргыз сегментте, бычактан оор жарат алып, ооруканада жаткан келиндин агасы милицияга арыз жазууну суранып жатканын видеосу катуу талкуу жаратты. Маалымат боюнча келин күйөөсү менен уруша кетип, өмүрүнө кол салгандыгы айтылган.

Учурда келиндин абалы жакшы. Ал Өзгөн райондук оорканасында дарыланууда. Милициянын берген маалыматында бул факт 2-февралда Жазык кодексинин өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда жабырлануучуга  соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми жолдошунун аракетине юридикалык баа берүү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыз келиндер арасында өз өмүрүнө кол салган факт жыл башынан бери эле Ош облусунда экинчи жолу катталды. Өткөн жумалардын соңунда да Алай районундагы 25 жаштагы келиндин өз үйүндө асынып алганы тууралуу маалыматты милиция таркаткан. Топтолгон материалдар жазык кодексинин 136-беренеси боюнча сотко чейинки жазык өндүрүш иши катары катталган.

Адистердин айтымдарында, өмүрүнө кол салган кыз-келиндер үй-бүлөлүк зомбулуктан улам мындай абалга барышы мүмкүн. Анкени көп учурда аялдар укуктук жана юридикалык билими тайкылыктан, ошондой эле эрте турмуш куруудан улам жабыркап келишет.

Аялдардын зомбулукка кабылышы пандемия учурунда  көп катталаган. Өткөн жылдарга салыштырмалуу былтыры реаблитациялык борборлорго жардам сурап кайрылгандардын саны миң учурга өскөн.

Ал эми быйыл жыл башынан бери зомбулукка  кабылганын айтып милицияга арыздангандардын саны 50гө жетти. Өткөн жылы бул сан 214 болсо, алардын ичинен үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылдык деп тогуз эркектер арыз жазган.

Комментарий жиберүү