Өзбекстанда Борбор Азиядагы алгачкы учкучсуз учуучу аскердик аппарат жасалды (видео)

Өзбекстан учкучсуз учуучу аскердик аппараттарды чыгарууну өздөштүрдү.

Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

“Коргонуу өнөр жайы боюнча мамлекеттик комитеттин алдында учкучсуз учуучу авиациялык комплекстерди өндүргөн илимий борбор түзүлгөн. Бул борбор эл аралык техникалык талаптарга жана стандарттарга жооп берген “Лочин” аталышындагы учкучсуз аппараттарды чыгара баштады”, — деп айтылат Мамлекеттик комитеттин маалыматында.

Ошентип Өзбекстан учкучсуз аппараттарды чыгарган Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калды. Жабдыктардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана өндүрүштүн кубаттуулугу ачыкталбай турганы айтылды.

Аппараттардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана өндүрүштүк кубаттуулугу ачыкталган эмес.

Мамлекеттик комитеттин материалдарында борбор биринчи этапта учкучсуз аппараттын эки түрүн – самолет тибинде жана квадрокоптер чыгарганы айтылат.

Түзүлгөн борбор учкучсуз учактарды өндүрүү, чогултуу, оңдоо, жана тейлөө үчүн технологиялык, лабораториялык жана сыноочу жабдыктар менен жабдылган.

Эске салсак, буга чейин Өзбекстанда аскерлер үчүн түнкүсүн көрүүчү аппарат иштелип чыккан.

Комментарий жиберүү