Өзбекстанда соода борборунда катуу жарылуу болду (видео)

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Денау шаарындагы “Инденим” соода борборунда 7-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 3:57де катуу жарылуу болуп, андан соң өрт чыкты.

Окуядан бир киши каза таап, 9 адам жабыркады.

Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жарылуудан улам соода борборунун дубалдары урап түшкөн. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар барышкан. Өрт саат 04:25те өчүрүлгөн.

Жабыркагандар шаардык ооруканага жеткирилген.

Учурда бул окуя боюнча алдын ала иликтөө иштери жүрүп жатат.

Комментарий жиберүү