Өзбекстанда ысыктан улам 4 миңден ашык адам ооруканага түштү

Өзбекстанда акыркы 4-5 күндүн ичинде катуу ысыктан жабыр тарткан 4 миңден ашуун адам ооруканага жаткырылды.

Жалпысынан өлкө боюнча жарандардан медициналык тез жардам кызматына 130 миңдей кайрылуу болгон.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги катуу ысык башталган 17-июлдан 20-июлга чейинки аралыкта 23421 адамдын ден соолугунун абалы оорлошконун, дарыгерлерге кайрылгандардын ичинен 4215 адам ооруканага жаткырылганын билдирди.

Бул убакыт аралыгында Ташкент шаарында эле медициналык тез жардам кызматына 11 821 чалуу болгон. Шаардагы ооруканаларга 2185 адам түшкөн.

Буга чейин Узгидромет шашылыш билдирүү жарыялап, 17-22-июль күндөрү Ирандан Түркмөнстан аркылуу Өзбекстанга ысык аба массалары кирип, анын натыйжасында абанын температурасы 47 градуска чейин көтөрүлөрүн эскерткен.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Ташкентте абанын температурасы 45 градуска чейин көтөрүлсө, бул 1870-жылдан берки абсолюттук рекорд болот.

Беглгилей кетсек, июнь айынын аягында коңшу өлкөдө катуу ысыктын биринчи толкуну болгон.

Узгидрометтин маалыматына караганда, 27-28-июнь күндөрү өлкөнүн түндүк жана чөлдүү аймактарында, 29-июнда көпчүлүк аймактарда ысык максималдуу көрсөткүчкө жеткен.

Каракалпакстан Республикасынын айрым облустарында, Хорезм, Бухара, Навои, Кашкадарья жана Самарканд облустарында июнь айында абанын максималдуу температурасынын жаңы рекорддору белгиленген.

Комментарий жиберүү