Өзбекстандын эмгек мигранттарынан 2020-жылы 6 млрд. доллар киреше түштү

Орусиядагы өзбек эмгек мигранттарынын кирешеси 2020-жылы тажиктердикинен айырмаланып, кыйла көбөйдү.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Өзбекстандын эмгек мигранттарынын кирешеси 2020-жылы 6 млрд. доллардан ашкан.
Өзбекстандын Борбордук банкы Орусиядагы эмгек мигранттарынын акча которууларынан өлкөнүн кирешеси көбөйгөндүгү жөнүндө отчетунда жарыялаган.
 “Коронавирус пандемиясына карабастан, 2020-жылы өзбек эмгек мигранттары өлкөгө 6,30 млрд. доллар которушкан”, – деп билдирди банк.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын Борбордук банкы быйыл эмгек мигранттарынын акча которуусу дагы көбөйөт деп божомолдоодо.
Ал эми ошол эле учурда тажиктердин Орусиядан акча которуулары 2020-жылы кескин кыскарган.
Эске салсак, Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын акча которуулары да пандемияга байланыштуу кескин кыскарган.

Комментарий жиберүү