Өзбекстан Ирандын президенти Ибрахим Раисини кантип тосуп алды?

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Өзбекстанга расмий сапар менен келди.

Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат кызматынан билдиришти.  

Раисини Самарканд эл аралык аэропортунан Өзбекстандын пермьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. 

Андан соң Самарканддын Конгресс борборунда Иран президенти Ибрахим Раисини салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.

Эки өлкөнүн мамлекеттик желектери менен кооздолгон аянтта Раисинин урматына ардактуу караул тизилди.

Жогорку даражалуу мейманды Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Салтанатка эки өлкөнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрү катышты.

Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин өлкө башчыларынын сүйлөшүүлөрү башталды. 

Иран президенти Самаркандда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат.

Маалыматка караганда, өзбек-иран жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү Самаркандда өтөт. 

15-16-сентябрда Раиси ШКУнун Самарканддагы саммитинин иш-чараларына да катышат.

Лидерлер эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин карашы күтүлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын сентябрында Душанбе шаарында өткөн  ШКУнун саммитинде Иранды уюмга кабыл алуу жана Египет, Катар жана Сауд Аравияга диалог боюнча өнөктөш статусун берүү процедурасы башталган.

11-июлда Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов быйыл Иран Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кабыл алынарын айтып, тиешелүү меморандумга Самарканддагы саммитте кол коюларын билдирген.

ШКУ 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Ага Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан катышат. Байкоочу өлкөлөр – Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия, өнөктөш өлкөлөр – Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка.

Комментарий жиберүү